Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айрым чечимдерин “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 265 “Акциялардын чыгарылышын, акцияларды коомго сунуш кылуунун шарттарын, проспектин жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Акциялардын чыгарылышын, акцияларды коомго сунуш кылуунун шарттарын, проспектин жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жободо:
- 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“22. Акциялардын чыгарылышын, баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоого алуудан баш тартуу жөнүндө чечимге “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык доо-арыз берилиши мүмкүн”.;
- 59-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“59. Баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту мамлекеттик каттоого албоо жөнүндө чечимге “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык доо-арыз берилиши мүмкүн.”;
- 73-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “73. Акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоого алуудан баш тартуу жөнүндө чечимге “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык доо-арыз берилиши мүмкүн.»; 98 жана 99-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“98. “Акциялардын чыгарылышынын ишке ашпай калышы жөнүндө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык доо-арыз берилиши мүмкүн”.
99. Акциялардын чыгарылышынын жыйынтыктары ишке ашты деп таанылгандан кийин акциялардын чыгарылышы “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жараксыз деп таанылышы мүмкүн”.”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы № 275 “Кыргыз Республикасында облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү жөнүндө жободо:
- 48-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Облигациялардын чыгарылышын, коомдук сунуш кылуунун шарттарын жана проспектини каттоодон баш тартуу жөнүндөгү чечимге “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык доо-арыз берилиши мүмкүн”.;
- 74-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Облигацияларды коомдук сунуш кылуунун жыйынтыгы жөнүндөгү отчетту каттоодон баш тартуу жөнүндөгү чечимге “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте доо-арыз берилиши мүмкүн.”;
83-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“83. Облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндөгү чечимге “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте доо-арыз берилиши мүмкүн.”;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-сентябрындагы № 526 “Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди квалификациялык аттестациядан өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди квалификациялык аттестациядан өткөрүү жөнүндө жободо:
- 4-главасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: “Талапкер апелляциялык комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда, бул чечимге “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте доо-арыз берилиши мүмкүн.”
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 712 “Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарын башкаруу боюнча убактылуу администрация жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарын башкаруу боюнча убактылуу администрация жөнүндө жобо” тууралуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарын башкаруу боюнча убактылуу администрация жөнүндө жободо:
- 7-пунктунун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Убактылуу администрацияны дайындоо жөнүндө чечимге уюм же анын катышуучулары (акционерлери) тарабынан “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте доо-арыз берилиши мүмкүн”.”.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков