2016-жылга жаратылыш газынын жоготууларынын ченемдерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын газ тармагын жөнгө салуунун ачыктыгын камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 270-беренесинин 4-бөлүгүнө жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2016-жылга жаратылыш газынын жоготууларынын ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков