Министрликтердин, административдик ведомстволордун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдардын штаттык санын оптималдаштыруу боюнча сунуштарды талдоо жүргүзүү жана иштеп чыгуу, кайталануучу функцияларды жоюу жана мамлекеттик аппаратты күтүү чыгымдарын кыскартуу максатында:
1. Тиркемеге ылайык курамдагы жумушчу топ түзүлсүн.
2. Жумушчу топ этап-этабы менен төмөнкүлөрдү жүргүзсүн: - министрликтердин, административдик ведомстволордун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдардын, анын ичинде алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн штаттык санынын чегин талдоо; - бир жылдан ашуун мезгилде ээленбеген бош кызмат орундарын табуу;
- кайталоочу түзүмдүк бөлүмдөрдү табуу; - мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын ашыкча санын табуу; - мамлекеттик аппаратты күтүүгө кеткен мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын кыскартуу боюнча резервдерди табуу.
3. Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыктары боюнча министрликтердин, административдик ведомстволордун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдардын штаттык санын оптималдаштыруу жана мамлекеттик аппаратты күтүү чыгымдарын кыскартуу боюнча сунуштарын киргизсин.
4. Зарылдыгына жараша жумушчу топко:
- министрликтердин жана административдик ведомстволордун адистерин ишке тартуу;
- иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардан зарыл болгон маалыматтарды сурап алуу укугу берилсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын биринчи орун басарына жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ш. Жээнбеков