Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-мартындагы № 136 “Автотранспорт каражаттары үчүн каттоочу номердик белгилердин наркын белгилөө жөнүндө” токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-мартындагы № 136 “Автотранспорт каражаттары үчүн каттоочу номердик белгилердин наркын белгилөө жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков