Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 « Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын өткөрүү пункттарында карантинге алынган продукцияны импорттоодо, экспортоодо жана транзиттөөдө фитосанитардык эрежелердин сакталышын оптималдуу жана талаптагыдай фитосанитардык контролдоону камсыздоо, Кыргыз Республикасынын аймагын карантиндик зыяндуу организмдердин киришинен жана/же жайылышынан коргоо, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы эл аралык милдеттенмелерди аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктундагы:
«Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
«Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги,» деген сөздөрдөн кийин «Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги» деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын тизмегинде:
«Контролдоонун түрлөрү» графасынын «Фитосанитардык» позициясынын 1, 4 жана 5-пункттарындагы «-» белгиси «+» белгиси менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 13 жана 14-пункттар менен толукталсын:
«
13 | Кызыл-Кыя | Баткен облусу, Кызыл-Кыя ш., Бишкек-Баткен а/ж 170 км | Күнү-түнү | - | - | - | + | - |
14 | Балыкчы | Ысык-Көл облусу, Балыкчы ш., «Ак-Кеме» экологиялык посту Балыкчы-Бишкек а/ж 190 км | Күнү-түнү | - | - | - | + | - |
».
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев