Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министрдин 2016-жылдын 10-майындагы № 88 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин жана анын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө” буйругуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишинин натыйжалуулугун арттыруу максатында: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министрдин 2016-жылдын 10-майындагы № 88 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин жана анын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин жана анын орун басарларынын ортосунда милдеттердин бөлүштүрүлүшүндө:
1) 1-главада:
- экинчи абзацы “жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү” деген сөздөрдөн кийин “маалыматтык саясат жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүү” деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы отузунчу абзац менен толукталсын:
“- маалыматтык камсыздоо бөлүмүн.”;
2) 2-главада:
- биринчи абзацындагы “жана маалыматтык” деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи абзацындагы “маалыматтык саясат жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүү” деген сөздөр “агроөнөр жай комплекси, экология, регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү-сегизинчи абзацтар менен толукталсын: “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын айлана-чөйрөнү коргоо, агроөнөр жай комплексин жана жаратылышты пайдаланууну өнүктүрүү, мамлекеттик жана материалдык резервдеги материалдык баалуулуктарды топтоо, сактоо жана пайдалануу, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө маселелери боюнча ишин координациялайт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин иш кагаздарын жүргүзүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишин документтик камсыздоону уюштурат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйруктарын жана жазуу жүзүндөгү тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчилигинин тапшырмаларын кабыл алынган стандарттарга ылайык тариздөөнү, аларды аткаруучуларга жеткирүүнү камсыз кылат. Жашырындык режимин сактоо, мамлекеттик сырды түзгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу маалыматтарды сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишин координациялайт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында Документтер менен иштөөнүн регламентинин талаптарынын аткарылышын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларды жана документтерди даярдоодо жана тариздөөдө стандарттардын сакталышын контролдоо боюнча ишти координациялайт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри катышуучу кеңешмелерди өткөрүүнү уюштуруучулук-методикалык жана протоколдук камсыздоо боюнча чараларды көрөт.”;
- он бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүн;”;
- төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
“- регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүн;”;
3) 3-главада:
- мамлекеттик тилдеги тексттин биринчи абзацындагы “иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу, расмий которуу жана редакциялоо” деген сөздөр “расмий которууну жана редакциялоону уюштуруу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- экинчи абзацы “билим берүү” деген сөздөрдөн кийин “өнөр жай, отун-энергетика комплекси” деген сөздөр менен толукталсын;
- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Жарандык коом менен эриш-аркак иштөөнү жана жарандардын кайрылууларын кароону уюштурат.”;
- төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун жана буйруктарынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйруктарынын жана жазуу жүзүндөгү тапшырмаларынын, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин тапшырмаларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчилигинин буйруктарынын жана тапшырмаларынын аткарылышына контролду камсыздайт.”;
- бешинчи, алтынчы жана жетинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
- жыйырманчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын; - төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү абзац менен толукталсын:
“- өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүн - өнөр жай жана отун-энергетикалык комплекстин маселелери бөлүгүндө.”;
4) 4-главада:
- биринчи абзацындагы “өнөр жай, отун-энергетикалык жана агроөнөр жай комплекстери, экология,” деген сөздөр алып салынсын;
- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу секторду жана инфраструктураны өнүктүрүү, курулуш, транспорт жана коммуникациялар, экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө маселелери боюнча ишин координациялайт.”;
- он төртүнчү жана он алтынчы абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр А.Ш.Осмоналиев