КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 27-майындагы № 278 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 16-октябрындагы № 650 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өрт көзөмөлү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

  “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:  

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 16-октябрындагы № 650 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өрт көзөмөлү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өрт көзөмөлү жөнүндө жободо:

 - 36-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“36. Эгерде даттануу же арыз берген адам кабыл алынган чечимге канааттанбаса, ал жогору турган ыйгарым укуктуу органга административдик (сотко чейинки) тартипте, ал эми андан ары “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык – соттук тартипте кайрыла алат.”. 

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.           

 Премьер-министр                                                    С.Ш. Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу