Бишкек шаарында 2015-жылдын 4-декабрында жана Анкара шаарында 2015-жылдын 16-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Бишкек шаарында 2015-жылдын 4-декабрында жана Анкара шаарында 2015-жылдын 16-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашуу (мындан ары – Макулдашуу);
- Бишкек шаарында 2015-жылдын 4-декабрында жана Анкара шаарында 2015-жылдын 16-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протокол (мындан ары – Протокол).
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети жогоруда аталган Макулдашууну жана Протоколду аткаруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун жана Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө түркия тарапка билдирсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков