КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 27-майындагы № 280 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 Саламаттык сактоо системасынын мамлекеттик илимий мекемелеринде башкаруучулук ишти тартипке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-январындагы № 2 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун уставын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун уставында: 

-  25-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“25. Борбордун директорун шайлоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 токтому менен бекитилген Мамлекеттик илимий мекеме жөнүндө типтүү жобого жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик органы бекиткен регламентке ылайык жүзөгө ашырылат”. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 3 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтунун уставын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтунун уставында: 

-  23-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

 “23. Институттун жетекчисин шайлоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 токтому менен бекитилген Мамлекеттик илимий мекеме жөнүндө типтүү жобого жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик органы бекиткен регламентке ылайык жүзөгө ашырылат”.

 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын  11-февралындагы № 84 “Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун уставын бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун уставында: 

-  24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “24. Борбордун директорун шайлоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 токтому менен бекитилген Мамлекеттик илимий мекеме жөнүндө типтүү жобого жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик органы бекиткен регламентке ылайык жүзөгө ашырылат”. 

4Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-мартындагы № 120 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук хирургия борборунун уставын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук хирургия борборунун уставында: 

-  23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“23. Борбордун жетекчисин шайлоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 токтому менен бекитилген Мамлекеттик илимий мекеме жөнүндө типтүү жобого жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик органы бекиткен регламентке ылайык жүзөгө ашырылат”. 

5Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 228 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун уставын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун уставында:

 -  22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “22. ЖХОТИИ директорун шайлоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы №380 токтому менен бекитилген Мамлекеттик илимий мекеме жөнүндө типтүү жобого жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик органы бекиткен регламентке ылайык жүзөгө ашырылат”.

 6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-майындагы № 251 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун уставын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун уставында:

 -  22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “22. Борбордун жетекчисин шайлоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 токтому менен бекитилген Мамлекеттик илимий мекеме жөнүндө типтүү жобого жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик органы бекиткен регламентке ылайык жүзөгө ашырылат”.

 7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 267 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин “Алдын алуучу медицина” илимий-өндүрүштүк бирикмесинин уставын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин “Алдын алуучу медицина” илимий-өндүрүштүк бирикмесинин уставында:

 - 13-пункт   төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын: 

“- илимий кадрларды даярдоону (изденүүчүлүк, аспирантура, докторантура), анын ичинде коммерциялык негизде жүзөгө ашырат; - медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча билим берүү программаларына катышат.”;

 -  18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “18. “Алдын алуучу медицина” илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директорун шайлоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын   26-июнундагы № 380 токтому менен бекитилген Мамлекеттик илимий мекеме жөнүндө типтүү жобого жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик органы бекиткен регламентке ылайык жүзөгө ашырылат”.

 8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-июнундагы  № 291 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун уставын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун уставында:

 - 12-жана 13-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“12.  Борбордун ишинин максаттары болуп калктын репродуктивдүү саламаттыгын сактоо, аларга сапаттуу дарылоо-алдын алуу жардамдарын көрсөтүү жана  акушерлик, гинекология, перинатология, медициналык генетика жана көмөкчү репродуктивдүү технологиялар жаатында ушул Уставка ылайык илим-изилдөө ишин жүргүзүү саналат. 

13. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - калкка адистештирилген медициналык жардамды, анын ичинде  жогорку технологиялуу медициналык жардамды акушерлик, гинекология, перинатология, медициналык генетика жана көмөкчү репродуктивдүү технологиялар жаатында көрсөтүү жана уюштуруу; 

- калктын репродуктивдүү ден соолугун сактоо жаатында, анын ичинде акушерликте, гинекологияда, перинатологияда, медициналык генетикада жана  репродуктологияда илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү; 

- акушерлик, гинекология, перинатология, медициналык генетика жана көмөкчү репродуктивдуу технологиялар жаатында бейтаптарды диагностикалоонун жана дарылоонун жаңы методдорун, инновациялык медициналык технологияларды, медициналык багыттагы буюмдарды, медициналык техниканы иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча ишти уюштуруу;

 - консультативдик, консультативдик-методикалык (анын ичинде телемедициналык), маалыматтык кызматтарды көрсөтүү, маалыматтарды берүү (анын ичинде интернет аркылуу), Борбордун иш чөйрөсүндө аны көчүрүү жана көбөйтүү; 

- медициналык кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча клиникалык база катары ишин жүзөгө ашыруу; 

- Борбордун ишинин негизги жыйынтыктарын камтыган басма продукцияны басып чыгаруу жана жайылтуу.”;

- 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “22. Борбордун директорун шайлоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 токтому менен бекитилген Мамлекеттик илимий мекеме жөнүндө типтүү жобого жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик органы бекиткен регламентке ылайык жүзөгө ашырылат”.

 9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы  № 377 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борборунун уставын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борборунун уставында: 

- 20-пункттагы “башкы” деген сөз алып салынсын; 

-  21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “21. Борбордун директорун шайлоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 токтому менен бекитилген Мамлекеттик илимий мекеме жөнүндө типтүү жобого жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик органы бекиткен регламентке ылайык жүзөгө ашырылат”. 10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 514 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз гематология илимий борборунун уставын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз гематология илимий борборунун уставында: 

-  22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“22. Борбордун директорун шайлоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 токтому менен бекитилген Мамлекеттик илимий мекеме жөнүндө типтүү жобого жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик органы бекиткен регламентке ылайык жүзөгө ашырылат”.

 11. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                      С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу