Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргыз Республикасынын чек арага жанаша аймагында байланыш линияларын куруу жана эксплуатациялоо Жобосун бекитүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 530 2014-жылдын 15-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык
БУЙРУК КЫЛАМЫН:
1. "Кыргыз Республикасынын чек арага жанаша аймагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүдө байланыш линияларын куруунун, эксплуатациялоонун жана тейлөөнүн, анын ичинде кабелди төшөөнүн жана линиялык-кабелдик курулмаларды куруунун, байланыштын линиялык-кабелдик курулмаларында курулуш жана авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобо" тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Байланыш жана маалыматташтыруу башкармалыгы ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоо үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерде 2 үлгүсүн кагаз жана электрондук түрүндө жөнөтсүн.
3. Бул буйрукту аткарууну көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Э.Мамыркановго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри | З.Айдаров |