КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 24-майындагы № 273 токтому

Депозитарийдин жана башкаруучу компаниялардын  жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин  түзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө

Аманатчылардын (катышуучулардын) жана камсыздандырылган адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, “Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Депозитарийдин жана башкаруучу компаниялардын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин. 

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                      С.Ш.Жээнбеков