КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 73 токтому

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Органикалык айыл чарба департаменти жөнүндө

Органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Кыргызагробиоборбору өзгөртүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Органикалык айыл чарба департаменти болуп уюштурулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Органикалык айыл чарба департаменти Кыргыз Республикасынын Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Кыргызагробиоборборунун укук улантуучусу болуп эсептелээри белгиленсин.

3. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Органикалык айыл чарба департаменти жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментинин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын  20-февралындагы № 140 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 4-пунктунун он экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 13-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

6. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги белгиленген тартипте:

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн, өзгөртүлүп уюштурулуп жаткан мекеменин өткөрүп берүү актысын бекитсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев