Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 556 “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тартиптик уставын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кызматтык тартипти чыңдоо, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуу максатында “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 556 “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тартиптик уставын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тартиптик уставында:
- 41-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“41. Отчеттук мезгилдеги кызматтын кынтыксыздыгы акыркы тартиптик жаза алынган күндөн баштап эсептелет. Кынтыксыз тартип - кызматтык тартипти сактоо жана тартиптик жазанын жоктугу. Ведомстволук сыйлыктарга көрсөтүлгөндө кызмат өтөгөн жылдары календардык күндөр менен эсептелет (күнүнкүсү күнүндө).”;
- 71-пункту “28-беренесинин” деген цифралар жана сөздөн кийин “, 225-беренин 1-бөлүгүнүн 2-пункту” деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын;
- 104-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 117-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Ички иштер органдарында кызмат өтөгөн мезгилде баңгизаттарын колдонгондугу, ошондой эле алкоголдук же уулуу каражаттарды колдонуу менен мас абалда кызматка келгендиги үчүн кызматкерди тартиптик жоопкерчиликке тартууда, кызматкердин аларды колдогондугу жана (же) мас абалда экендигин тастыктоо фактысы медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгы менен, ал эми кызматкер күбөлөндүрүүдөн баш тарткан учурда - экиден кем эмес күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен аныкталат. Бул учурда тиешелүү акт толтурулат, анда кызматкердин аларды колдонгондугу жана (же) мас абалын күбөлөндүрүүчү белгилер көрсөтүлөт. Кызматкерден ал соолукканга чейин кандайдыр бир түшүнүк алганга жол берилбейт.”;
- 125-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 127, 128-пункттары ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү “табылган” деген сөздөн кийин тиешелүү жөндөмөдө “же аныкталган” деген сөздөр менен толукталсын;
- 131-пунктундагы “х”, “ц”, “ч” пунктчаларында” деген тамгалар жана сөз “х”, “ц”, “ч” жана “ы” пунктчаларында” деген тамгалар жана сөз менен алмаштырылсын; - 132-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“132. Кызматкерге берилген тартиптик жазанын мезгилинде ага карата кызматтык териштирүү (текшерүү) жүргүзүү же кызматкер шектүү, айыпталуучу же соттолуучу катары козголгон кылмыш иши болсо анын кызматын жогорулатууга, кезектеги атайын наам ыйгарууга көрсөтүүгө, сыйлык берүүгө жол берилбейт.”;
- 134-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: “Кызматкер ички иштер органдарынан бошотулганда, мурда берилген бардык тартиптик жазалар автоматтык түрдө буйрук чыгарылбастан алып салынат.”;
- 152-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын Тартиптик уставынын тиркемеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын
ички иштер органдарынын
Тартиптик уставына
тиркеме
Кол алдындагы кызматкерлерге карата сыйлоо жана тартиптик жаза берүү чараларын колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары системасынын жетекчилеринин (начальниктеринин) жана аларга тиешелүү тартиптик укуктардын
тизмеси
№ | Кызматы | Тартиптик укуктар | |
сыйлоо чараларын колдонуу боюнча | тартиптик жаза берүү боюнча | ||
1. | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри | Ички иштер органдарынын бардык кызматкерлерине карата Тартиптик уставдагы тартиптик укуктарды толук көлөмдө колдонот. Кыргыз Республикасынын ички иштер органындагы саясий мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдарга карата ээлеген кызмат ордунан бошотуу түрүндө тартиптик жаза колдонуу жөнүндө Премьер-министрге сунуштама киргизет. | |
2. | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары | Алкыш жарыялайт. Мурда берилген тартиптик жазасын мөөнөтүнөн мурда алып салат. Сыйлоо жөнүндө сунуштайт. | Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш жарыялайт. Кызматка толук ылайыктуу эместиги жөнүндө эскертет жана ээлеген кызмат ордунан төмөндөтүү менен бошотот (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри белгилеген компетенциянын чегинде). Анын тартиптик укуктарынын чегинен чыккан тартиптик жаза берүү жөнүндө сунуш киргизет. |
3. | Кыргыз Республикасынын ИИМнин билим берүү мекемелеринин жетекчилери (начальниктери) | Алкыш жарыялайт. Акчалай сыйлык төлөйт. Баалуу белек менен сыйлайт. Кыргыз Республикасынын ИИМдин системасындагы билим берүү мекемелеринин Ардак грамотасы менен сыйлайт. Ардак китепке же Ардак тактага кызматкердин аты-жөнүн (анын ичинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин системасындагы билим берүү мекемелеринин курсанттарына, адьюнктарына, угуучуларына карата) жазат. Ички иштер органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын адамдарына кезектеги атайын наамды мөөнөтүнөн мурда (компетенциясынын чегинде) ыйгарат. Ички иштер органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын адамдарына ээлеген штаттык кызмат орду боюнча каралган атайын наамынан бир тепкич жогорку кезектеги атайын наам (компетенциясынын чегинде) ыйгарат. Кыргыз Республикасынын ИИМдин билим берүү мекемелеринин карамагынан кезексиз (Кыргыз Республикасынын ИИМдин билим берүү мекемелеринин курсанттарына карата) бошотот. Мурда берилген тартиптик жазасын мөөнөтүнөн мурда (компетенциясынын чегинде) алып салат. Анын тартиптик укугунун чегинен тышкары сыйлоо жөнүндө сунуштайт. | Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш жарыялайт. Кызматка толук ылайыктуу эместиги жөнүндө эскертет. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынан кызматтан бошотуу жана төмөндөтүү менен ээлеген кызматынан (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) бошотот. Атайын наамын (атайын наам берүү боюнча берилген укуктарынын чегинде) бир тепкичке төмөндөтөт. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынан кызматтан (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) бошотот. Нөөмөткө кезексиз (КР ИИМдин билим берүү мекемелеринин курсанттарына карата) дайындайт. Билим берүү мекемелеринен кезектеги бошотуудан (КР ИИМдин билим берүү мекемелеринин курсанттарына карата) ажыратат. Билим берүү мекемелерден окуудан (КР ИИМдин билим берүү мекемелеринин курсанттарына, угуучуларына, адьюнктарына, докторанттарына карата) чыгарат. Анын тартиптик укуктарынын чегинен тышкары тартиптик жаза берүү жөнүндө сунуш киргизет. |
4. | Кыргыз Республикасынын ИИМдин ведомстволук, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик фельдъегерлик кызматынын жетекчилери (начальниктери) (ички иштер органдарынын кызмат ордуна дайындоого жана кызмат өтөөдөн бошотууга укугу барлар). | Алкыш жарыялайт. Акчалай сыйлык төлөйт. Баалуу белек менен сыйлайт. Органдын (бөлүмдүн) Ардак грамотасы менен сыйлайт) кызматкерлердин аты-жөнүн Ардак китебине же Ардак тактага жазат. Ички иштер органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын кезектеги атайын наамын мөөнөтүнөн мурда ыйгарат. Ички иштер органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын адамдарына ээлеген кызмат орду боюнча каралган атайын наамынан бир тепкич жогорку кезектеги атайын наам ыйгарат. Мурда берилген тартиптик жазасын мөөнөтүнөн мурда алып салат. Анын тартиптик укугунун чегинен тышкары сыйлоо жөнүндө сунуштайт. | Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш жарыялайт. Кызматка толук ылайыктуу эместиги жөнүндө эскертет. Төмөндөтүү менен ээлеген кызматынан (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) бошотот. Атайын наамын бир тепкичке (атайын наам берүү боюнча укуктарынын чегинде) төмөндөтөт. Ички иштер органдарынан кызматтан (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) бошотот. Анын тартиптик укуктарынын чегинен тышкары тартиптик жаза берүү жөнүндө сунуш киргизет. |
5. | Кыргыз Республикасынын ИИМдин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчиси (начальниги), Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчисинин (начальнигинин) кадр иштери боюнча орун басарлары (ички иштер органдарынын кызмат ордуна дайындоого жана бошотууга укугу барлар). | Алкыш жарыялайт (ооз эки). Ички иштер органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамдын адамдарына кезектеги атайын наамын мөөнөтүнөн мурда ыйгарат жана ички иштер органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын адамдарына ээлеген кызмат орду боюнча каралган атайын наамынан бир тепкич жогорку кезектеги атайын наам (ички иштер органдарынын кызматкерлерин кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) ыйгарат. Мурда берилген тартиптик жазасын мөөнөтүнөн мурда алып салат. Анын тартиптик укугунун чегинен тышкары сыйлоо жөнүндө сунуштайт. | Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш жарыялайт, кызматка толук ылайыктуу эместиги жөнүндө эскертет, төмөндөтүү менен ээлеген кызматынан бошотот, ички иштер органдарында кызмат өтөөдөн бошотот, атайын наамын бир тепкичке төмөндөтөт (кызматка дайындоо жана атайын наамдарды ыйгаруу боюнча берилген укуктардын чегинде), Анын тартиптик укуктарынын чегинен тышкары тартиптик жаза берүү жөнүндө сунуш киргизет. |
6. | Аймактык ички иштер башкы башкармалыктарынын – ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери (начальниктери) | Алкыш жарыялайт. Акчалай сыйлык төлөйт. Баалуу белек менен сыйлайт. Органдын (бөлүмдүн) Ардак грамотасы менен сыйлайт. Органдын (бөлүмдүн) Ардак китебине же Ардак тактасына кызматкерлердин аты-жөнүн жазат. Ички иштер органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын адамдарына кезектеги атайын наамын мөөнөтүнөн мурда ыйгарат. Ички иштер органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын адамдарына ээлеген кызмат орду боюнча каралган атайын наамынан бир тепкич жогорку кезектеги атайын наам ыйгарат. Мурда берилген тартиптик жазасын мөөнөтүнөн мурда алып салат. Анын тартиптик укугунун чегинен тышкары сыйлоо жөнүндө сунуштайт. | Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш жарыялайт. Кызматка толук ылайыктуу эместиги жөнүндө эскертет. Төмөндөтүү менен ээлеген кызматынан бошотот, ички иштер органдарында кызмат өтөөдөн (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) бошотот. Атайын наамын бир тепкичке төмөндөтөт (атайын наам берүү боюнча берилген укуктарынын чегинде). Анын тартиптик укуктарынын чегинен тышкары тартиптик жаза берүү жөнүндө сунуш киргизет. |
7. | Райондук ички иштер башкармалыктары-нын – шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн, Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын Түштүк башкармалыгынын жетекчилери (начальниктери) жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын бөлүмдөрүнүн, жана бөлүмчөлөрүнүн жетекчилери (начальниктери) | Алкыш жарыялайт. Акчалай сыйлык төлөйт. Баалуу белек менен сыйлайт. Органдын (бөлүмдүн) Ардак грамотасы менен сыйлайт. Органдын (бөлүмдүн) Ардак китебине же Ардак тактасына кызматкерлердин аты-жөнүн жазат. Мурда берилген тартиптик жазасын мөөнөтүнөн мурда (компетенциясынын чегинде) алып салат. Кезектеги атайын наамын мөөнөтүнөн мурда ыйгарат жана ички иштер органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын адамдарына ээлеген кызмат орду боюнча каралган атайын наамынан бир тепкич жогорку кезектеги атайын наам ыйгарат (ички иштер органдарынын кызматкерлерин кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде). Анын тартиптик укугунун чегинен тышкары сыйлоо жөнүндө сунуштайт. | Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш жарыялайт. Кызматка толук ылайыктуу эместиги жөнүндө эскертет. Атайын наамын бир тепкичке төмөндөтөт (атайын наам берүү боюнча берилген укуктарынын чегинде). Төмөндөтүү менен ээлеген кызматынан бошотот (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде). Ички иштер органдарынан кызматтан бошотот (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде). Анын тартиптик укуктарынын чегинен тышкары тартиптик жаза берүү жөнүндө сунуш киргизет. |
8. | Ведомстволук милиция күзөт кызматынын полкунун командири, Кыргыз Республикасынын ИИМнин Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгынын Чүй облустук жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыктары боюнча кайгуул милициясынын башкармалыктарынын жетекчилери (начальниктери) | Алкыш жарыялайт. Акчалай сыйлык төлөйт. Баалуу белек менен сыйлайт. Органдын (бөлүмдүн) Ардак грамотасы менен сыйлайт. Органдын (бөлүмдүн) Ардак китебине же Ардак тактасына кызматкерлердин аты-жөнүн жазат. Мурда берилген тартиптик жазасын мөөнөтүнөн мурда алып салат. Кезектеги атайын наамын мөөнөтүнөн мурда ыйгарат жана ички иштер органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын адамдарына ээлеген кызмат орду боюнча каралган атайын наамынан бир тепкич жогорку кезектеги атайын наам ыйгарат (ички иштер органдарынын кызматкерлерин кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде). Анын тартиптик укугунун чегинен чыккан сыйлоо жөнүндө өтүнүч кылат. | Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш жарыялайт. Катардагы жана кенже жетектөөчү курамдагы адамдардын кызматка толук ылайыктуу эместиги жөнүндө эскертет. Атайын наамын бир тепкичке төмөндөтөт (атайын наамдарды ыйгаруу боюнча берилген укуктарынын чегинде). Төмөндөтүү менен ээлеген кызматынан бошотот (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде). Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынан кызмат өтөөдөн бошотот (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде). Анын тартиптик укуктарынын чегинен тышкары тартиптик жаза берүү жөнүндө сунуш киргизет. |
9. | Бардык деңгээлдеги башка жетекчилер (начальниктер, командирлер) | Алкыш жарыялайт (ооз эки). Анын тартиптик укугунун чегинен тышкары сыйлоо жөнүндө сунуштайт. | Эскертүү жарыялайт (ооз эки). Сөгүш жарыялайт (ооз эки). Анын тартиптик укуктарынын чегинен тышкары тартиптик жаза берүү жөнүндө сунуш киргизет. |
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн. 4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков