Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 362 «Кара ниет атаандаштык жаатында монополияга каршы мыйзамдарды бузуулар жөнүндө иштерди кароо тартибин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кара ниет атаандаштык жаатында монополияга каршы мыйзамдарды бузуулар жөнүндө иштерди кароо тартибинде:
- 4-пунктунда: биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Монополияга каршы органга арыз жазуу жүзүндө же оозеки формада берилиши мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү арыз кара ниет атаандаштыктын фактылары жөнүндө күбөлөндүрүүчү документтерди (түп нускасы же тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү) тиркөө менен берилет. Чет тилдеги документтер мамлекеттик же расмий тилдерге котормосун күбөлөндүргөн тиркеме менен берилет. Оозеки формасындагы арыз протокол менен таризделет.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын: «Арызга арыз берүүчүнүн же юридикалык жактын жетекчисинин колу коюлат, юридикалык жактын жетекчисинин колу арыз берилген күндү, айды жана жылын көрсөтүү менен юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Эгерде арыз өкүл аркылуу берилсе, анда мыйзамда белгиленген тартипте берилген ишеним кат да берилиши керек. Арыз монополияга каршы органга почта боюнча, мыйзамдарда каралган башка ыкма менен жиберилет.»;
- 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кара ниет атаандаштык боюнча ишти жыйын түрүндө кароодо кызыкдар жактардын катышуусу менен протокол түзүлөт, ага жетекчи (жетекчинин орун басары) жана жыйындын катчысы кол коёт. Протоколдо төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
1) монополияга каршы органдын расмий аталышы;
2) иш каралган күн жана орду;
3) ишти кароого катышкан адамдардын фамилиясы, аты-жөнү, бул иштеги алардын статусун көрсөтүү менен (арыз берүүчү, күбө ж.б.);
4) каралып жаткан иштин мазмуну; 5) ишти кароого катышкан адамдардын сөздөрүн кыскача берүү;
6) жыйындын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечим. Протокол башка кошумча маалыматтарды камтышы мүмкүн.».
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«15. Кара ниет атаандаштык жаатындагы монополияга каршы мыйзамды бузуу тууралуу ишти кароонун жыйынтыгында кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда тараптар административдик иштер жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанууга укуктуу.».
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 364 «Атаандаштыкты чектеген атаандаштыкка каршы макулдашууларды, (макулдашылган иш-аракеттерди) табуу, болтурбоо боюнча эрежени бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Атаандаштыкты чектеген атаандаштыкка каршы макулдашууларды, (макулдашылган иш-аракеттерди) табуу, болтурбоо боюнча эрежеде:
- 25-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«25. Монополияга каршы орган тарабынан кызыкдар жактардын катышуусу менен жыйын түрүндө ишти караган учурда протокол түзүлөт, ага жетекчи (жетекчинин орун басары) жана жыйындын катчысы кол коёт. Протоколдо төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
1) монополияга каршы органдын расмий аталышы;
2) иш каралган күн жана орду;
3) ишти кароого катышкан адамдардын фамилиясы, аты-жөнү, бул иштеги алардын статусун көрсөтүү менен (арыз берүүчү, күбө ж.б.);
4) каралып жаткан иштин мазмуну;
5) ишти кароого катышкан адамдардын сөздөрүн кыскача берүү; 6) жыйындын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечим. Протокол башка кошумча маалыматтарды камтышы мүмкүн. Эгерде, жыйын тыныгуулар менен өткөрүлсө, анда бул тууралуу протоколдо көрсөтүлөт. Бир нече жыйындар өткөрүлгөн учурда, алардын ар бири боюнча өзүнчө протокол түзүлөт. Протокол төрагалык кылуучу аныктаган жыйындын катчысы тарабынан жүргүзүлөт жана жыйын бүткөндөн кийин токтоосуз аталган адамдардын колу коюлат. Ишти кароого катышкан адамдар протокол менен таанышууга жана ага карата сын-пикирлерин берүүгө укуктуу. Сын-пикирлердин четке кагылгандыгы жөнүндө протоколдо көрсөтүлөт.»; - 30-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«30. Кара ниет атаандашуу жаатында монополияга каршы мыйзамдын бузулгандыгы тууралуу ишти кароонун жыйынтыгында кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда тараптар административдик иштер жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанууга укуктуу.».
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 365 «Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамын бузуу тууралуу иштерди карап чыгуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамын бузуу тууралуу иштерди карап чыгуунун эрежелеринде:
- 25-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«25. Иши каралып жаткан адам административдик иштер жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.»;
- 26-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«26. Монополияга каршы органдын чечимине даттануу иши каралып жаткан адамга чечимдин көчүрмөсү берилген же чечим жарыяланган күндөн тартып 30 күндүн ичинде берилет.»;
- 27-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«27. Монополияга каршы орган даттанууну карап чыгып, төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) чечимди жокко чыгарып же аны жараксыз деп таанып, же жаңы чечимди кабыл алып, даттанууну толугу менен же жарым-жартылай канааттандыруу;
2) даттанууну канааттандыруусуз жана чечимди өзгөртүүсүз калтыруу.».
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы №366 «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин талаптарына ылайык өтүнүч каттарды жана билдирүүлөрдү мамлекеттик монополияга каршы органдын кароо эрежесин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин талаптарына ылайык өтүнүч каттарды жана билдирүүлөрдү мамлекеттик монополияга каршы органдын кароо эрежесинде:
- 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«16. Монополияга каршы органдын чечими Кыргыз Республикасынын административдик иштер жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.».
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 «Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартибинде:
- 24-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«24. Монополияга каршы мамлекеттик органдын ушул Жобону бузуунун натыйжасында алынган кирешени которуу жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын административдик иштер жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.».
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш. Жээнбеков