КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 18 майындагы № 263 токтому

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын Евразия экономикалык комиссиясы менен өз ара иштешүүсүнүн тартиби жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын Евразия экономикалык комиссиясы (мындан ары-ЕЭК) менен өз ара иштешүүсүн координациялоо, ЕЭК менен иштөө боюнча жоопкерчиликти жана ыйгарым укуктарды мамлекеттик органдардын ортосунда бөлүштүрүү, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин ишинин тармактык багыттары боюнча милдеттенмелердин аткарылышы үчүн алардын жоопкерчилигин күчөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин: ­  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын Евразия экономикалык комиссиясы менен өз ара иштешүүсү жана Евразия экономикалык бирлигинин  органдарынын жыйындарында кароо үчүн документтерди даярдоонун регламенти жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык; ­   Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын Евразия экономикалык бирлигинин ишинин багыттары боюнча бекитүүнүн схемасы, 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Евразия экономикалык бирлигиндеги Кыргыз Республикасынын өкүлүнүн Катчылыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр                                                  С.Ш.Жээнбеков