Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын энергетика тармагынын туруктуу, ишенимдүү иштешин жана акча агымдарын бөлүштүрүүнүн ачыктыгын камсыздоо максатында, «Энергетика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-майындагы № 335 «Электр жана жылуулук энергияларынын дүң рыногундагы эсептешүүлөрдүн тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: - аталышындагы жана текст боюнча «жана жылуулук» деген сөздөр алып салынсын;
- 1-пунктундагы «Эсептешүү-сактоо компаниясы» деген сөздөр «РСК Банк» ачык акционердик коому» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пунктундагы «Эсептешүү-сактоо компаниясы» деген сөздөр «РСК Банк» ачык акционердик коому» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3 жана 5-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Төмөндөгүлөр бекитилсин:
- Дүң рыноктун катышуучулары менен электр энергиясы үчүн эсептешүүнүн тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Электр энергиясын ички керектөөчүлөрдөн атайын укуктуу банкка келип түшкөн акча каражаттарын эсептөөнүн жана электр энергиясын иштеп чыгаруучу, берүүчү жана бөлүштүрүүчү компаниялардын ортосунда үлүштүк бөлүштүрүүнүн тартиби 2-тиркемеге ылайык.»;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Дүң рыноктун катышуучуларынын электр жана жылуулук энергиялары үчүн эсептешүүлөрүнүн тартиби жөнүндө жободо:
аталышындагы жана текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү «жана жылуулук» деген сөздөр алып салынсын;
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-майындагы № 335 токтому менен бекитилген» деген сөздөр жана цифралар «1-тиркеме» деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын;
4-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан белгиленген каражаттарды үлүштүк бөлүштүрүүгө ылайык атайын укуктуу банк акчаны транзиттик эсептен электр энергиясын иштеп чыгаруучу, берүүчү жана бөлүштүрүүчү компаниялардын эсебине күнүнө эки жолу которот:»;
5-пункт күчүн жоготту деп табылсын; - ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 2-тиркеме менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жободо:
- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү абзац менен толукталсын:
«- атайын укуктуу банкка электр энергиясын ички керектөөчүлөрдөн келип түшкөн акча каражаттарын электр энергиясын иштеп чыгаруучу, берүүчү жана бөлүштүрүүчү компаниялардын ортосунда үлүштүк бөлүштүрүүнү белгилейт.».
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков