Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Бизнес-чөйрөсүн жана инвестициялык климатты жакшыртуу маселелери боюнча мамлекет менен бизнес-коомдоштуктун натыйжалуу диалогун камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-августундагы № 149 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңеш жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 5-пунктундагы “стратегиялык өнүктүрүү” деген сөздөр “инвестициялар” деген сөз менен алмаштырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңеш жөнүндө жободо: 2-пунктунда:
- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- экономика жана инвестициялар маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;”;
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын:
“- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 215 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- аталган токтом менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин курамы: төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
“- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);”.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 592 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өнүктүрүүгө карата өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өнүктүрүүгө карата өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин курамы:
төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
“- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);”.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков