КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 16 майындагы № 257 токтому

2015-жылдын 30-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Экологиялык  мониторинг жаатындагы кызматташуу жөнүндө 1999-жылдын 13-январындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. 2015-жылдын 30-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Экологиялык мониторинг жаатындагы кызматташуу жөнүндө  1999-жылдын 13-январындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол бекитилсин. 

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин Аткаруу комитетине жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралуу кабарласын. 

3.  Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн  тартып күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                         С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу