КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 16 майындагы № 252 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 198 “Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясы жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык реформа концепциясын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө жобонун мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттерин шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 198 “Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө жобонун 2-пунктунда: 

- мамлекеттик тилдеги текстиндеги “чечими” деген сөз “буйругу”деген сөз менен алмаштырылсын; 

- расмий тилдеги текстиндеги “Правительства” деген сөз “Премьер-министра” деген сөз менен алмаштырылсын.

 2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                    С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу