КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 10 майындагы № 236 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 363 «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Жарандарды жекече эсепке алуу системасында каттоонун тартибин оптималдаштыруу жана камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 363 «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарандарды жекече эсепке алуу системасына каттоонун жана камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берүүнүн тартиби жөнүндө нускамада:

 - 5-пунктта:

 төртүнчү жана алтынчы абзацтардагы «Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин» деген сөздөр  «калкты ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын; алтынчы абзац «арыз» деген сөздөн кийин «, ким экендигин ырастаган документтин көчүрмөсүн» деген сөздөр менен толукталсын; жетинчи абзац «арызы» деген сөздөн кийин «, ким экендигин ырастаган документтин көчүрмөсүн» деген сөздөр менен толукталсын;

 - 7-пунктта: экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«Арыз берүүчү арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгына, тактыгына жана толуктугуна жоопкерчилик тартат жана арызды жеке колу менен күбөлөндүрөт.»;

 төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: 

«Жашы жетпеген жарандын социалдык коргоо күбөлүгүн алууга арызды ата-энесинин бири толтурулат жана жеке колу менен күбөлөндүрөт.»;

 - төмөнкүдөй мазмундагы 71-пункт менен толукталсын:

 «71. Социалдык фонддун региондук органынын арыздарды кабыл алган адиси арыздын толук толтурулушунун, арыз берүүчүнүн ким экендигин ырастаган документтин көчүрмөлөрүнүн бар экендигин текшерет.»;

 - 9-11 жана 16-пункттар түрдүү жөндөмөдөгү «иш берүүчү», «жумуш берүүчү» деген сөздөрдөн кийин «, арыз берген мамлекеттик органга» деген сөздөр менен толукталсын;

 - 17-пунктта:

 биринчи абзац «атасынын атын» деген сөздөрдөн кийин «, туулган датасын» деген сөздөр менен толукталсын; экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«Жаңы социалдык коргоо күбөлүгү жекече идентификациялык номери өзгөртүлбөстөн берилет.»; 

бешинчи абзацтагы «Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин» деген сөздөр  «калкты ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- 20-пункттун биринчи абзацында: 

«15» деген цифралар «20» деген цифралар менен алмаштырылсын; 

«белгиленген формада (3-тиркеме)» деген сөздөр жана цифра «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы № 278 «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтому менен белгиленген форма боюнча» деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;

 - 26-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«Калкты ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Социалдык фонддун региондук органдарына жумушсуздардын камсыздандыруу стажына киргизилүүчү мезгилдер жөнүндө маалымат берет.»

 - 5-баптын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«5. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан жеке камсыздандыруу эсебинен маалыматтарды берүүнүн тартиби»; 

- 38-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«38. Камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинен алынган көчүрмөлөр, жеке камсыздандыруу эсебинен маалыматтык мүнөздөгү көчүрмөлөр берилген учурлардан тышкары көчүрмөнү даярдаган адамдын колу, тийиштүү штамп, ал эми сурам электрондук түрдө жиберилген учурда - электрондук санариптик кол тамга менен күбөлөндүрүлүшү керек.».

 - 40-пунктта: 

«(3-тиркеме)» деген цифра жана сөз алып салынсын; «кошумча маалымат» деген сөздөр «кошумча маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы № 278 «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтому менен белгиленген форма боюнча» деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын; 

- 41-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 «41. Жеке камсыздандыруу эсебинде камтылган маалыматтар текшергенден кийин Социалдык фонддун региондук органы белгиленген форма (5-тиркеме) боюнча жеке камсыздандыруу эсебинен сурамдын реестрин түзөт жана электрондук маалымат сактагыч аркылуу сурамды түзүп, чектелген СП2 пенсия менен жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө (мындан ары - көчүрмө) түзүү үчүн Социалдык фонддун борбордук аппаратына жиберет.»; 

- 42-пункттагы «персонифицикациялык эсепке алуу бөлүмү» деген сөздөр «борбордук аппараты» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- 51-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«51. Юридикалык же жеке жак сурам берген учурда маалымат анын компетенциясына жараша жана берилүүчү маалыматтардын тизмегин көрсөтүү жана камсыздандырылган адамдын ким экендигин ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен камсыздандырылган адамдын жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча берилүүгө тийиш. Сурам кагаз түрүндө, ошондой эле санариптик кол тамга колдонуу менен электрондук түрдө да таризделиши мүмкүн. Электрондук санариптик кол тамганы колдонуу менен маалыматтарды электрондук түрдө берүүнүн шарттары Социалдык фонд менен юридикалык же жеке жактын ортосунда түзүлгөн техникалык макулдашуулардын алкагында сүйлөшүлөт. Жеке камсыздандыруу эсебинен толук маалыматтар төмөнкү шарттардын бирин сактоо менен камсыздандырылган адамдын өзүнө гана сурам боюнча берилет: 

- камсыздандырылган адамдын ким экендигин ырастаган документтерди берүү;

 - ыйгарым укуктуу адамга берилген нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат;

 - документтин электрондук формасын алуу үчүн электрондук дареги  көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү арызды берүү менен Социалдык фонддун порталында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууга камсыздандырылган адам катталган учурда;

 - интерактивдүү режимде өзүнүн жеке камсыздандыруу эсебине кирүү үчүн жазуу жүзүндөгү арызды жана электрондук санариптик кол тамганы көрсөтүү менен Социалдык фонддун порталында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууга камсыздандырылган адам катталган учурда.»;

 - 52- пункт күчүн жоготту деп таанылсын; 

- жогоруда аталган Нускаманын 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

 - жогоруда аталган Нускаманын 3-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

 2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                         С.Ш.Жээнбеков

Тиркеме