КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 6 майындагы № 232 токтому

Атайын багыттагы объекттерди долбоорлоо жана куруу боюнча чаралар жөнүндө   

Кыргыз Республикасында 2016-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин кезектеги жыйындарына өз убагында даярданууну жана ийгиликтүү өткөрүүнү, ошондой эле чет мамлекеттердин башчыларын жана расмий делегацияларды кабыл алууну камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы:

 - Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 мамлекеттик резиденциясынын аймагында “Кабыл алуу үйүнүн” имаратын жана конок үйлөрүн долбоорлоого жана курууга заказчыны жана башкы подрячыны  аныктасын;

 -  уюштуруу иш-чараларынын планын, чыгымдар сметасын, “Кабыл алуу үйүнүн” имаратын жана конок үйлөрүн долбоорлоо жана куруу графигин даярдасын;

 -  Стратегиялык объектти коргоо паспортунда каралган документтерге жетүүнү чектөө грифин (жашыруу) белгилөө боюнча  чараларды көрсүн. 

2.  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасын жана анын ведомстволук уюмдарын “Кабыл алуу үйүнүн” имаратын жана конок үйлөрүн долбоорлоо, куруу жана жабдуу, ошондой эле адистештирилген автотранспорт каражаттарын сатып алуу үчүн жана Кыргыз Республикасында 2016-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин кезектеги жыйындарына  арналган башка иш-чараларды өз убагында каржылоону камсыз кылсын.

 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги “Кабыл алуу үйүнүн” имаратын жана конок үйлөрүн жарыш долбоорлоого жана курууга уруксат берүүгө, курууга долбоордук-сметалык документтерге экспертиза жүргүзүүгө ар тараптуу колдоо жана көмөк көрсөтсүн.

 4. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жана анын ведомстволук уюмдары товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 11-пунктуна ылайык келишимди тикелей түзүү методу менен жүргүзсүн.

 5.  “Түндүк электр” ачык акционердик коомуна “Кабыл алуу үйүнүн” имаратын жана конок үйлөрүн электр менен жабдууну камсыздоо үчүн энергетикалык тармактарын долбоорлоону жана курууну өз каражаттарынын эсебинен камсыз кылуу сунушталсын.

 6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 763 “Кыргыз Республикасынын энергия системасында таңкы жана кечки максимум күч келүүчү сааттарда электр энергиясын керектөөнү азайтуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

- 4.1.-пункт төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын: “Түндүк электр” ачык акционердик коому менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 мамлекеттик резиденциясынын аймагындагы курулуп жаткан “Кабыл алуу үйүнүн” имаратын жана конок үйлөрүн электр менен жабдууга (электр менен жылытууну эске алып) техникалык шарттарды берүү жөнүндө маселени карасын;”. 

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусу Т.К. Коеналиевге жүктөлсүн. 8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 Премьер-министр                                                     С.Ш.Жээнбеков 

Тиркемелер

Басып чыгаруу