Салыктык карыз боюнча өндүрүп алууга мүмкүн болбогон мүлктүн түрлөрүнүн убактылуу тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 75-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Салыктык карыз боюнча өндүрүп алууга мүмкүн болбогон мүлктүн түрлөрүнүн убактылуу тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги эки айлык мөөнөттө өндүрүп алууга мүмкүн болбогон мүлктү аныктоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардагы коллизияларды жоюуга багытталган ченемдик укуктук актынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2016 жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.