КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 10 майындагы № 235 токтому

Казакстан Республикасы тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин талаптарынан айырмаланган талаптар колдонулган санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык контролго (көзөмөлгө) алынууга тийиш болгон товарларды жана андан өндүрүлгөн продукцияларды мамлекеттик контролдоонун (көзөмөлдөөнүн) тартибин бекитүү жөнүндө

Казакстан Республикасы тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин талаптарынан айырмаланган талаптар колдонулган товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына өткөрбөө максатында,  2015-жылдын 16-октябрында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында товарларды алып келүүнүн жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө протоколго, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Казакстан Республикасы тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин талаптарынан айырмаланган талаптар колдонулган санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык контролго (көзөмөлгө) алынууга тийиш болгон товарларды жана андан өндүрүлгөн продукцияларды (мындан ары - контролдонуучу товар) мамлекеттик контролдоонун (көзөмөлдөөнүн) тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция:

 - контролдонуучу товарлардын байкоого алынышын камсыз кылуунун Казакстан Республикасы сунуштаган системалары (мындан ары - байкоого алуу системасы) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан жактырылгандан кийин, контролдонуучу товарларды байкоого алуунун казакстандык системасына интеграцияланган ветеринардык контролдоого (көзөмөлгө) тийиш болгон товарларды байкоого алуунун улуттук системасынын ишин камсыз кылсын;

 - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти менен бирге байкоого алуунун системасы киргизилгенге чейин Казакстан Республикасынан ташылып кирүүчү контролдонуучу товарларга контроль (көзөмөл) жүргүзсүн. - контролдонуучу товарларды ташып кирүү фактылары аныкталса, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) кызматчыларынан турган мобилдүү топторду түзсүн, контролдук жана ыкчам-рейддик иш чараларды уюштурсун.

 3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти менен бирге ишкердик субъекттеринин арасында Казакстан Республикасынан ташылып кирген азык-түлүк продукцияларын ташуу, сактоо жана сатуу маселелери боюнча маалыматтык иштерди жүргүзүшсүн. 

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участкасында ветеринардык-санитардык контролдоо (көзөмөлдөө) алып салынганга чейин жарактуу. 

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн. 

Премьер-министр                                                       С.Ш.Жээнбеков 

Тиркеме_