КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 10 майындагы № 237 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз    Республикасынын  конституциялык  Мыйзамынын 10  жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 363 “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым маселелер  жөнүндө”  токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эл аралык финансылык уюмдар каржылаган өнүктүрүү долбоорлоруна катышкан субъекттерди милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча эсепке коюунун, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн жана эсепке алуунун тартибинде: 

- 1-пункттагы “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын  башка  ченемдик  укуктук  актыларына” деген сөздөр “, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына” деген сөздөр менен алмаштырылсын. 

- 8-пунктунун “б” пунктчасынын экинчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “- Кыргыз Республикасынын жарандарына, Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, каржылоонун булагына карабастан, кызматкерлердин пайдасына эсептелген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын Пенсиялык фондго - 8 пайыз өлчөмдө жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз өлчөмдө.”;

 - 11-пунктунун биринчи абзацындагы “беренесинин 1-пунктуна” деген сөздөр жана сан “беренесине” деген сөз менен алмаштырылсын;

 - 14-пунктунун экинчи абзацындагы “Ай сайын” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2013-жылдын 22-майындагы № 278 “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускамага ылайык ай сайын” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- 23-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Актыга камсыздандыруу төгүмү боюнча мөөнөтү кечиктирилген карызга салынган үстөктүн эсеби (5-тиркеме) тиркелет.”; 

- 24-пунктта “он” деген сөз “отуз жумушчу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

 - 25-пунктунун “Жарандардын кайрылууларынын тартиби жөнүндө” деген сөздөр “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” деген сөздөр менен алмаштырылсын. 

2. Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  2014-жылдын 17-мартындагы № 129 “Ишкердик субъекттер болуп саналбаган камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик субъекттер болуп саналбаган камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо: 

- 52-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“52. Төлөөчүнүн текшерүү актысына даттануусу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 30 (отуз) жумушчу күндүн ичинде каралышы керек. Даттануу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

 1) даттануу берилген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышын; 

2) юридикалык жактын атынан даттануу берген адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын, анын кызмат ордун жана юридикалык жактын турган жерин; 

3) даттануу предметин;

4) даттанууну берген жактын талабын; 

5) даттанууга тиркелүүчү документтердин тизмегин;

 6) даттануу берүүнүн күнүн, айын жана жылын; 

7) даттанууну юридикалык жактын атынан берген адамдын колтамгасын жана юридикалык жактын мөөрүн.”. 

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                     С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу