Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Командировкага жиберүү менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруунун ченемдерин актуалдаштыруу, отчеттуулукту берүүнү оптималдаштыруу жана жөнөкөйлөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пункттун экинчи абзацындагы «250» жана «300» деген цифралар тиешелүү түрдө «500» жана «600» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 2-пункттун экинчи абзацы «тиркемесине ылайык өлчөмдө» деген сөздөрдөн кийин «, бышыктоочу документтерди тапшыруусуз» деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинин «Турак жайды суткасына ижаралоо боюнча чыгымдардын ордун толтуруунун чектик нормалары» графасындагы «чейин» деген сөздөр алып салынсын;
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- кызматкерди Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка командировкага жиберүү командировкалык күбөлүктү тариздөөсүз жумуш берүүчүнүн буйругунун (тескемесинин) негизинде жүргүзүлөөрү;
- командировкалык чыгымдардын нормаларын көбөйтүү менен байланышкан кошумча чыгымдар мамлекеттик мекемелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн тийиштүү жылдын бюджетинде каралган каражаттардын чектеринде жүргүзүлөөрү.».
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, ал эми ушул токтомдун 1-пунктунун экинчи абзацы 2017-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков