КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 6 майындагы № 231 токтому

Өткөрүү пункттарынын иштеши боюнча айрым чаралар жөнүндө 

 

Евразия экономикалык бирлигинин алкагында эл аралык милдеттенмелерди аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Евразия экономикалык бирлигинин чек арасынын кыргыз участогундагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан адамдардын, транспорт каражаттарынын өтүшү жана жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды ташып өтүү төмөнкү өткөрүү пункттарында жүзөгө ашырылсын: 

1) кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында: 

- «Эркештам-автожол»;

 - «Торугарт-автожол». 

2) кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында: 

- «Кызыл-Бел-автожол»; 

- «Кулунду-автожол»; 

- «Карамык-автожол»; 

- «Бор-Дөбө-автожол»; 

- «Кайрагач-автожол». 

3) кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында:

 - «Кызыл-Кыя - темир-жол»; 

- «Шамалдысай - темир-жол»; 

- «Жалал-Абад - темир-жол»; 

- «Кара-Суу - темир-жол» - «Достук-автожол»; 

- «Маданият-автожол»; 

- «Кызыл-Кыя-автожол»; 

- «Кара-Суу-автожол».

 4) эл аралык аба каттамы үчүн арналган Кыргыз Республикасынын аэропортторунда: 

-«Манас-аэропорт»;

 - «Ош-аэропорт»; 

- «Ысык-Көл-аэропорт»; 

- «Каракол-аэропорт»; 

- «Баткен-аэропорт». 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзгөчө чечимине чейин, төмөнкү өткөрүү пункттарында Евразия экономикалык бирлигинин чек арасынын кыргыз участогундагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан адамдардын, транспорт каражаттарынын өтүшү жана жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды ташып өтүү убактылуу токтотула турсун: кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында: 

- «Бек-Абад-автожол»;

 - «Кенсай-автожол»; 

- «Баймак-автожол»;

 - «Кара-Багыш-автожол»; 

- «Ынтымак-автожол»; 

- «Сейдикум-автожол»; 

- «Сумсар-автожол».

 3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерге жараша өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдоону андан-ары уюштуруу маселесин иштеп чыгышсын.

 4. Тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ушул токтомдун кабыл алынышына байланыштуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн. 

5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги чектеш өлкөлөргө дипломатиялык каналдар боюнча кабыл алынган чечим жөнүндө кабарласын.

 6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, эл аралык кызматташтык бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгына жүктөлсүн. 

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.   

  Премьер-министр                                                     С.Ш.Жээнбеков 

Тиркемелер

Басып чыгаруу