КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 80 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Апелляциялык кеңешке каршы пикирлерди, арыздарды берүүнүн жана аларды кароонун эрежелерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Апелляциялык кеңештин ишинин укук колдонуу практикасын өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Апелляциялык кеңешке каршы пикирлерди, арыздарды берүүнүн жана аларды кароонун эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы № 117 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Апелляциялык кеңешке каршы пикирлерди, арыздарды берүүнүн жана аларды кароонун эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы

№ 263 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 4-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 4-пункту.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                            М.Д.Абылгазиев