КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 29 апрелиндеги № 225 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ишин натыйжалуу камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:  

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пунктунун сегизинчи абзацындагы “Экономика министрлигинин алдындагы “Энергия” кыргыз илимий-техникалык борборуна” деген сөздөр “Экономика министрлигинин алдындагы Энергетика жана экономика илимий-изилдөө институтуна” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин башкаруу схемасында: “Энергия” кыргыз илимий-техникалык борбору” позициясы “Энергетика жана экономика илимий-изилдөө институту” позициясы менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 360 “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3 жана 4-пункттары “Кыргызкөмүр” деген сөзгө чейин “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 8-пунктундагы “реалдуу сектор жана инфраструктура” деген сөздөр “өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу” деген сөздөр менен алмаштырылсын; - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын уставында: аталышында, 1 жана 3-пункттарындагы “Энергетика жана өнөр жай министрлиги” деген ар түрдүү жөндөмөдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “Экономика министрлиги” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 6-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “мамлекеттик тилде:

 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы”; расмий тилде: “Государственное предприятие “Кыргызкөмүр” при Министерстве экономики Кыргызской Республики”.”.

 3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Энергетика жана экономика илимий-изилдөө институту жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 164 “Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы “Энергия” кыргыз илимий-техникалык борборунун маселелери жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

 5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.      

 Премьер-министр                                                  С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу