КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 29 апрелиндеги № 224 токтому

Автотранспорт каражаттарын өткөрүп берүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республиканын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 5-мартындагы № 84-б буйругун көңүлгө алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:  

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 2001-жылы чыгарылган, кузовунун номери № 10051913, кыймылдаткычынын номери № 10078007, мамлекеттик номери 01-82 MES «ЗИЛ-131НА» маркасындагы жана 2001-жылы чыгарылган, кузовунун номери № 10051690, кыймылдаткычынын номери № 10077749, мамлекеттик номери 01-84 MES «ЗИЛ-131НА» маркасындагы автотранспорт каражаттарын Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

2.Ош шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:

– ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражаттарын муниципалдык менчикке кабыл алуу;

 – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык автотранспорт каражаттарын кайра каттоону жүргүзүү;

 – автотранспорт каражаттарын максаттуу багыты боюнча пайдалануу. 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд  2007-жылы чыгарылган, кузовунун номери № 02ZC740058, кыймылдаткычынын номери № 00909272, мамлекеттик номери 21-60 ZA «Лифан»-LF6592 маркасындагы автобусун жана  2002-жылы чыгарылган, кузовунун номери № WOLOTGF7522296627, кыймылдаткычынын номери № Z18XE20Z28381, мамлекеттик номери 21-85   ZA«Опель Зафира» маркасындагы жеңил автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке кабыл алсын. 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн. 

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.    

 Премьер-министр                                                         С.Ш.Жээнбеков  

Тиркемелер

Басып чыгаруу