КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 29 апрелиндеги № 223 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 “Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу  

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин системасынын кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү,  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун ишин тартипке келтирүү  максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык   Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:  

 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

 - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору жөнүндө жободо:

 - 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: “Министрликтин системасынын кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу Окуу борбору тарабынан акысыз негизде жүргүзүлөт.”. 

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.    

 Премьер-министр                                                   С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу