КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 27 апрелиндеги № 216 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

  Билим берүүчү уюмдардын кызматкерлеринин эмгегин стимулдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  1995-жылдын  30-сентябрындагы № 404 “Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

 - жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесиндеги “Китепканачы” деген сап төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын;


Китепканачы--0,51,01,01,01,01,01,01,0  ”;



- 3-тиркемесинин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 13 жана  14-пункттар менен толукталсын: 

“13. Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга 1 яслилик жана  1 мектепке чейинки тайпа үчүн 0,25 ставкада музыкалык жетекчи кызматы каралат. 

14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 742 “Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык, орус тилдүү мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарда кыргыз тил мугалиминин кызмат орду, кыргыз тилдүү мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарда орус тил мугалиминин кызмат орду белгиленет.”.

 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын  19-январындагы № 18 “Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө” токтомуна   төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси: эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:

 “7. Жалпы билим берүүчү уюмдардагы илимдин кандидатынын (докторунун) илимпоздук даражасы бар мугалимдердин саат боюнча төлөнүүчү эмгек акысынын өлчөмү жалпы билим берүү уюмдарындагы  жогорку педагогикалык билимдүү мугалимдердин (окутуучулардын) саат боюнча төлөнүүчү эмгек акысынын өлчөмүнүн деңгээлинде, магистрдин академиялык даражасын ыйгаруу менен белгиленет.” - жогоруда аталган токтомдун 14-тиркемесинде: 

I пунктунун экинчи сабы “логопед” деген сөздөн кийин “сурдопедагог,” деген сөз менен толукталсын; Эскертүүсүндө:

 - 11- пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“11. Ушул тиркеменин I жана II пункттарында көрсөтүлгөн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөөдө логопеддин, дефектологдун жана сурдопедагогдун кызмат орундарынан башка кызматкерлердин кызматтык маяналарына  1,2 коэффициент колдонулат, ал эми логопеддин, дефектологдун жана сурдопедагогдун кызматтык маяналарына 1,5 коэффициент колдонулат.”; 

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “1. Окуучулардын саны 226 га чейин болгон жалпы билим берүү уюмдарында китепкана иши үчүн айына 1500 сом өлчөмүндө кошумча белгиленет.”; 

- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү-алтынчы абзацтар менен толукталсын: “Кесиптик орто билим берүүчү уюмдарда аскердик жетекчилердин кызматтык маяналарына бир жылда 480 саат педагогикалык иш үчүн төлөм киргизилет. Бул педагогикалык ишке окуучуларга баштапкы аскердик даярдык боюнча сабактарды (анын ичинде факультативдик сабактарды) жана тактикалык сабактарды окутуу кирет. Мындан тышкары, кесиптик билим берүүчү уюмдарда аскердик жетекчинин милдетине баштапкы аскердик даярдык боюнча класстан тышкаркы сабактарды өтүү, студенттер менен уюштуруучу жана    аскердик-мекенчилдик иш, ошондой эле аскер ишинин негиздери боюнча ийримдерди жетектөө боюнча милдеттерди аткаруу жана аскердик бөлмөнү жетектөө кирет (кошумча төлөмдөрсүз). Эгерде кесиптик орто билим берүүчү уюмдарда жогоруда көрсөтүлгөн ченемде жүк камсыз кылынбаса, ага толук кызматтык айлык акы төлөнөт. Кесиптик орто билим берүүчү уюмдарда аскердик жетекчилер тарабынан жылына 480 сааттан ашык аткарылган окутуучу (педагогикалык) ишке  окутуучулар үчүн белгиленген ставка боюнча жана тартипте кошумча акы төлөнөт. Мында кошумча акы төлөнүүчү окутуучу (педагогикалык) иштин көлөмү бир жылда 480 сааттан ашпашы керек.”.

 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270 “Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускамада: 

3-главанын 2-пунктунун а) пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: “Жалпы билим берүүчү мектептердин базасында 480 сааттык программа боюнча балдарды мектепке даярдаганда директордун жана директордун ушул иштерди уюштуруу жүктөлгөн окутуу, окутуу-тарбия берүү иштери боюнча орун басарынын кызматтык маянасын аныктоодо балдардын саны 0,5 коэффициент менен эсептелет.”. 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын  30-августундагы № 601 “Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга барбаган балдарды мектепке даярдоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

 төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:

 “21. Ар бир мугалимге мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга барбаган балдарды республиканын жалпы билим берүүчү мектептеринин базасында мектепке даярдоо программасы боюнча даярдоочу топтордо жумасына 15 саат иштеген окутуучулук иши үчүн  сабакка даярданууга  1,5 саат убакыт берилет.”. 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын  20-августундагы № 788 “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин системасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна   төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 

- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде: 

6. Кадрлар бөлүмү (студенттерди тейлөө менен) пунктундагы “Начальник” деген сөз “Башчы” деген сөз менен алмаштырылсын; Эскертүүсүндө: 

2-пункту “студенттердин” деген сөздөн кийин “жана аспиранттардын”  деген сөздөр менен толукталсын; 

4-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын:

 “Студенттердин жана аспиранттардын санынын келтирилген контингентин эсептөөдө күндүзгү окутуу формасында окугандардын саны  1,0 коэффициент менен, кечки окутуу - 0,5, сырттан окуу - 0,4 коэффициент менен эсептелет.”; 

6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу сарптоолорду Кыргыз Республикасынын 2016-жылга карата республикалык бюджетинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине каралган каражаттын негизинде ишке ашырсын.

 7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин  күчүнө кирет. 

 Премьер-министр                                                         С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу