КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 11 апрелиндеги № 201 токтому

Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө 

«Коомдук саламаттык сактоо» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 221-беренесин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:  

 1. Төмөнкүлөр бекитилсин: 

- «Санитардык эрежелердин сакталышына жана санитардык-эпидемияга каршы (алдын алуучу) иш-чаралардын аткарылышына өндүрүштүк контролдоону уюштуруу жана жүргүзүү» санитардык эрежелери 1-тиркемеге ылайык; 

- «Жекече электрондук-эсептөө машиналарында ишти уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар» санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 2-тиркемеге ылайык; 

- «Санитардык-коргоо зоналары жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди санитардык классификациялоо» санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 3-тиркемеге ылайык;

 - «Калкка чачтарач жана косметикалык кызмат көрсөтүү боюнча коммуналдык-тиричиликтик багыттагы объекттерге карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар» санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 4-тиркемеге ылайык;

 - «Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар» санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 5-тиркемеге ылайык; 

- «Жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуу шарттарына жана аны уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар» санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 6-тиркемеге ылайык; 

- «Тамак-аш азыктарын дүң жана чекене сатуучу объекттерге карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар» санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 7-тиркемеге ылайык;  

 - «Темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар» санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 8-тиркемеге ылайык;

 - «Коомдук тамак-аш объекттери үчүн санитардык-эпидемиологиялык талаптар» санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 9-тиркемеге ылайык;

 - «Жарандык авиациянын аба кемелеринин жүргүнчүлөрүнүн жана экипаж мүчөлөрүнүн борттук тамактануусун уюштурууга санитардык-эпидемиологиялык талаптар» санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 10-тиркемеге ылайык; 

- «Убактылуу туристтик лагерлерди жана убактылуу тамактануу пункттарын уюштуруунун санитардык-эпидемиологиялык талаптары» санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 11-тиркемеге ылайык; 

- «Аянтка дозанын көбөйтүндүсүн өлчөгүчтөрдү пайдалануу менен рентгенологиялык изилдөөлөрдө пациенттердин жеке эффективдүү нурлануу дозасын аныктоо» санитардык эрежелери жана ченемдери 12-тиркемеге ылайык;

 - «Дарылоо-алдын алуу уюмдарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар» санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 13-тиркемеге ылайык; 

- «Жумушчу орунда, турак үйлөрдүн, коомдук имараттардын жайларында жана турак жай курулушунун аймагындагы ызы-чуу» санитардык эрежелери жана ченемдери 14-тиркемеге ылайык; 

- «Калктуу жерлердин атмосфералык абасындагы булгоочу заттардын тийгизген таасиринин болжолдуу коопсуз деңгээлдери» гигиеналык ченемдери 15-тиркемеге ылайык; 

- «Чарбалык-ичүүчү жана маданий-тиричиликте пайдалануучу суу объектилериндеги суудагы химиялык заттардын жол берилген чектүү концентрациялары» гигиеналык ченемдери 16-тиркемеге ылайык;

 - «Калктуу жерлердин атмосфералык абасындагы булгоочу заттардын жол берилген чектүү концентрациялары» гигиеналык ченемдери 17-тиркемеге ылайык; 

- «Иш зонасынын абасындагы зыяндуу заттардын жол берилген чектүү концентрациялары» гигиеналык ченемдери 18-тиркемеге ылайык;

 - «Иш зонасынын абасындагы зыяндуу заттардын тийгизген таасиринин болжолдуу коопсуз деңгээлдери» гигиеналык ченемдери 19-тиркемеге ылайык; 

- «Чарбалык-ичүүчү жана маданий-тиричиликте пайдалануучу суу объектилериндеги суудагы химиялык заттардын болжолдуу жол берилген деңгээлдери» гигиеналык ченемдери 20-тиркемеге ылайык;

 - «Жер кыртышындагы химиялык заттардын жол берилген чектүү концентрациялары жана болжолдуу жол берилген саны» гигиеналык ченемдери 21-тиркемеге ылайык. 

2. Ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан дарылоо-алдын алуу уюмдары беш жылдын ичинде ушул токтом кабыл алынганга чейин эксплуатациялоого киргизилген колдонуудагы жайларды ушул токтом менен бекитилген «Дарылоо-алдын алуу уюмдарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар» санитардык-эпидемиологиялык эрежелерине жана ченемдерине шайкеш келтирүүнү камсыз кылышсын. 

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.     

Премьер-министр                                                            Т.А.Сариев 

Тиркемелер

Басып чыгаруу