КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 62 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токой чарбасы жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Айлана чөйрөнү коргоо жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өткөрүп берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-июнундагы № 371 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой коргоо жөнүндө жобосун жана Кыргыз Республикасынын токойлорунда өрт коопсуздугунун эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому;

2)   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-августундагы № 523 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту;

3)   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 30 “Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органдын кызматкерлеринин формалуу кийими жөнүндө” токтомунун 3-пункту;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 31 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курчап турган чөйрөнү коргоо тармагындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту.

2.   Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр 

М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу