Нарын облусунун Нарын шаарында жайгашкан мурдагы «Бакыт» бала бакчасынын имаратын Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 6-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд жергиликтүү калкты жеткиликтүү мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо максатында Нарын облусу, Нарын шаары, С. Жакыпов көчөсү, № 5 дареги боюнча жайгашкан мурдагы “Бакыт” бала бакчасынын имаратын аянты 793,60 квадрат метр болгон жанаша жер участогу менен Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Нарын облусунун Нарын шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектти муниципалдык менчикке кабыл алуу жана анын сакталышын камсыздоо;
- объектти белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү;
- объектти максаттуу багыты боюнча гана пайдалануу;
- жогоруда аталган объектти күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүү.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев