Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 53 “2016-жылдагы демалыш күндөрүн которуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
2016-жылы дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында,“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 53 “2016-жылдагы демалыш күндөрүн которуу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Эки дем алыш күнү бар беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 3, 4-майдагы жумуш күндөрү тиешелүү түрдө30-апрелге жана 7-майга которулсун.”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш. Жээнбеков