«2015-жылдын 29-майында Казакстан Республикасынын
Бурабай поселогундакол коюлган бир тараптанЕвразия экономикалык бирлигинин жана ага мүчө мамлекеттердин жана экинчи тараптан Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- «2015-жылдын 29-майында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган бир тараптанЕвразия экономикалык бирлигинин жана ага мүчөмамлекеттердин жана экинчи тараптан Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2015-жылдын 29-майында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган бир тараптанЕвразия экономикалык бирлигинин жана ага мүчөмамлекеттердинжана экинчи тараптан Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр Т.А.Сариев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 29-майында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган бир тараптанЕвразия экономикалык бирлигинин жана ага мүчө мамлекеттердин жана экинчи тараптан Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене 2015-жылдын 29-майында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган бир тараптанЕвразия экономикалык бирлигинин жана ага мүчөмамлекеттердинжана экинчи тараптан Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2016-жылдын «___» _________№ ____ токтому мененжактырылды
2015-жылдын 29-майында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган бир тараптанЕвразия экономикалык бирлигинин жана ага мүчөмамлекеттердин жана экинчи тараптан Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашуугаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
2015-жылдын 29-майында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган бир тараптанЕвразия экономикалык бирлигинин жана ага мүчөмамлекеттердин жана экинчи тараптан Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууКыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келет жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык келишимдердин нормаларына каршы келбейт.
Жогоруда аталган Макулдашуу кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку КеңешининЭл аралык иштер жана Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча тармактык комитеттери менен белгиленген тартипте макулдашуу жол-жоболорунан өткөнжана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-майындагы № 203-б буйругу менен жактырылган.
Макулдашууга Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин экинчи жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан 2015-жылдын 29-майында кол коюлган. Макулдашуу 90 пайыздан ашык товардык позиция боюнча эркин соода жүргүзүү режимин камсыз кылат. Нөлдүк алымдар жана рынокторго кирүү режимин бошотуу эки этапта ишке ашырылат. Биринчи этап товардык позициялардын биринчи жарымы боюнча Макулдашуу күчүнө кирген учурдан башталат, калган жарымы боюнча экинчи этап – кыска өткөөл мезгилдин аралыгында ишке ашырылат.
Макулдашуу артыкчылыктуу соода режимин гана эмес, ошондой эле интеллектуалдык менчикке укуктарды башкаруу маселелерин жана башка бир катар багыттарды камтыйт. Ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттикичкижол-жоболордун аяктагандыгы тууралуу кат жүзүндөгү билдирүүнү Вьетнам Социалисттик Республикасы алган күндөн 60 күн өткөндөн кийин ушул Макулдашуу Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кирет. Макулдашууну ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.