Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 578 “Ислам принциптери боюнча камсыздандырууну уюштуруу (такафул) жөнүндө жана каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу баалуу кагаздар (сукук) тууралуу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында камсыздандыруунун ислам принциптерин кийин киргизүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 578 “Ислам принциптери боюнча камсыздандырууну уюштуруу (такафул) жөнүндө жана каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу баалуу кагаздар (сукук) тууралуу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам принциптери боюнча камсыздандырууну уюштуруу (такафул) жөнүндө жободо:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында ислам принциптери боюнча камсыздандырууга (такафул) ылайык камсыздандыруу тартибин аныктайт.”;
- 1-главанын аталышы “объекттери” деген сөздөн кийин “, максаттары” деген сөз менен толукталсын;
- 6-пунктта:
1) 8 жана 9-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“8) мудараба модели – бүтүм, мындай учурда бир тарап (камсыздалуучу) капиталын (акча каражатын) берет, ошол эле учурда экинчи тарап (такафул-компания) капиталды кабыл алат жана киреше алуу максатында каражатты башкарат, алар келишимге ылайык тараптардын ортосунда бөлүштүрүлөт;
“9) жалпы такафул – белгилүү бир окуялар келип чыккан жана камсыздалуучунун мүлктүк тобокелдиктерин камтыган төлөмдөрдү төлөөгө багытталган камсыздандыруу;”;
11-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“11) үй-бүлөлүк такафул – белгилүү бир окуялар келип чыккан жана камсыздалуучунун өмүрүнө жана ден соолугуна карата тобокелдиктерди камтыган төлөмдөрдү төлөөгө багытталган камсыздандыруу;”;
төмөнкү мазмундагы 25-пунктча менен толукталсын:
“25) уакала модели – бүтүм, мындай учурда бир тарап (камсыздалуучу) капиталын (акча каражатын) берет, ал эми экинчи тарап (такафул-компания) капиталды кабыл алат жана киреше алуу максатында каражаттарын башкарат, алар келишимге ылайык камсыздалуучулардын ортосунда бөлүштүрүлөт, ошол эле учурда такафул-компания белгиленген сый акы алат;”;
- 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: “Шариаттык кеңештин персоналдык курамын дайындоо камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен алдын ала макулдашууну талап кылат.”;
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“11. Такафул-компания такафул-фондунун активдеринин менчик ээси болуп саналбайт, такафул-фондунун башкаруучусу болуп саналат. Такафул-компания такафул-фондунун каражаттарын шариаттын шарттарына ылайык келген куралдарга жана активдерге инвестициялайт, аны Шариаттык кеңеш ырастайт.”;
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“12. Такафул-компания өз функцияларын Шариаттык кеңеш жана камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жактырган такафул-фондусунун инвестициялык декларациясына ылайык аткарат.”;
22, 24, 29 жана 34-пункттардагы “аткаруу бийлигинин органы” жана “аткаруу бийлигинин тиешелүү органдары” деген сөздөр “камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 25-пункттагы “камсыздандыруучу уюм” деген сөздөр “такафул-компания” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 31-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“31. Эгерде такафул-компаниянын башкармалыгынын мүчөлөрү, башкы бухгалтери жана аудитору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган квалификациялык талаптардын деңгээлине жооп берген учурда гана ислам принциптери (такафул) боюнча камсыздандыруу ишин жүргүзүү лицензиясы аталган компанияга берилет.”;
- 35-пунктун биринчи абзацындагы “камсыздандыруучу” деген сөз “такафул-компания” деген сөз менен алмаштырылсын; - 36-пункттун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- Шариаттык кеңештин чечимин ырастаган документтер.”;
- 42-пункттун он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 47-пунктта:
- биринчи абзац төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:
“Тиешелүү такафул-компания Шариаттык кеңеш бекиткен мудараба моделин же уакала моделин тандап алат.”;
- экинчи абзац “эсептелет” деген сөздөн кийин “, жана камсыздалуучу такафул-компаниясына төлөгөн бардык акча каражаттарды такафул-компаниясы камсыздалуучуга кайтарып берет” деген сөздөр менен толукталсын;
- 52-пункттагы “такафул-компаниясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган жоболорго ылайык иштин тиешелүү түрүнө таандык камсыздандыруу келишимдерин каттоо журналын камсыздандыруучудан жүргүзүү талап кылынып келгенге” деген сөздөр “камсыздандыруу келишими боюнча келишимдик милдеттенмелерди аткарганга” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 69-пункттагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү” деген сөздөр “камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 70-пунктта: биринчи абзацтагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү” деген сөздөр “Камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын; экинчи-бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев