КР Өкмөтүнүн 2016- жылдын 11 апрелиндеги № 187 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө 

    Жаныбарларды идентификациялоо боюнча иш-чараларды өткөрүү максатында, “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:   

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жөнүндө жободо: 

- 7-пунктунун 5-пунктчасынын онунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө  жободо:

 - 7-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: 

“- жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо, чарбаларды каттоо, идентификацияланган жаныбарлардын кыймылынын эсебин алуу боюнча чаралардын комплексин уюштуруу жана жүргүзүү жана Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу.”.

 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-февралындагы № 72 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын. 

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.   


  Премьер-министр                                                        Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу