Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аймагында сейрек, жоголуп бараткан же жоголуу коркунучунда турган жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүн сактоо боюнча чараларды күчөтүү максатында, “Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу”, “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө” жана “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Т.А.Сариев