Жеңил өнөр жай товарларын маркалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар жөнүндө
Гродно шаарында 2015-жылдын 8-сентябрында кол коюлган “Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар” товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- жеңил өнөр жай товарларын маркалоо системасын түзүү боюнча ишти координациялоонубажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишке ашыра тургандыгы;
- “Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар” товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону эсепке алууну жана контролдоонуЕвразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши тарабынан бекитилген Тизмеге ылайык: Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөндөрдү жана Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан ташып келингендердиыйгарым укуктуу салык органынынишке ашыра тургандыгы;
Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин аймактарынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келингендерди бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдынишке ашыра тургандыгы.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы №100 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүкиргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жободо:
- 7-пункттун алтынчы абзацындагы “марка коюлуучу акцизделчү товарларга акциздик маркаларды” деген сөздөр “товарларда тиешелүү маркалоону” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтом Гродно шаарында 2015-жылдын 8-сентябрында кол коюлган “Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар” товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев