Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212, 224, 229 жана 319-беренелерин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85 жана 86-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 517 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун экинчи абзацындагы “3 жылдык мөөнөткө пайда” деген цифра жана сөздөр “Пайда” деген сөз менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 3 жылдык мөөнөткө пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга жаткан айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын (товарлардын акциздик топторун өндүрүү үчүн пайдаланылгандардан бөлөк) тизмесине киргизүүгө тандап алуунун критерийлеринде жана тартибинде: аталышындагы “3 жылдык мөөнөткө пайда” деген цифра жана сөздөр “Пайда” деген сөз менен алмаштырылсын;
3-пунктунун үчүнчү абзацындагы “3 жылга,” деген цифра жана сөз алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 “Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген чакан ишкердиктин субъекттеринин бирдиктүү салык боюнча отчетунун формасы (FORM STI-091) ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чакан ишкердиктин субъекттеринин бирдиктүү салык боюнча отчетунун формасын (FORM STI-091) толтуруу жана берүү тартиби ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 37 “Үч жылдык мөөнөткө пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы “Үч жылдык мөөнөткө пайда” деген сөздөр “Пайда” деген сөз менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Үч жылдык мөөнөткө пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү ишке ашыруучу тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын (товарлардын акциздик топторун өндүрүү үчүн пайдаланылгандарды кошпогондо) тизмесинде:
аталышындагы “Үч жылдык мөөнөткө пайда” деген сөздөр “Пайда” деген сөз менен алмаштырылсын; 54-пунктунун “Ишкананын аты” графасында “ЖЧК” деген аббревиатура “ААК” деген аббревиатура менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 226 “6 жылдык мөөнөткө кошумча нарк салыгынан бошотулуучу ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары (товарлардын акциздик топторун чыгаруудан тышкары) жүргүзгөн экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмегин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы “6 жылдык мөөнөткө кошумча” деген цифра жана сөздөр “Кошумча” деген сөз менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 6 жылдык мөөнөткө кошумча нарк салыгынан бошотулуучу ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары (товарлардын акциздик топторун чыгаруудан тышкары) жүргүзгөн экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмегинде: аталышындагы “6 жылдык мөөнөткө кошумча” деген цифра жана сөздөр “Кошумча” деген сөз менен алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 491 “Кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы боюнча салык отчетунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча отчеттун формасы (FORM STI-062) ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча отчетту толтуруу жана берүү тартибинде: 38-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы менен салык салынуучу субъект тарабынан берилген КНСтин такталган отчету боюнча салык милдеттенмесинин суммасы КНС боюнча салык төлөөчүнүн өздүк эсеп карточкасында көрсөтүлбөйт.”;
төмөнкүдөй мазмундагы 381 - 383-пункттар менен толукталсын:
“381. 067-уячада отчеттук салык мезгили үчүн салык салынуучу субъекттин Салык кодексинин 276-беренесинин ченемдерине ылайык азаюуга тийиш айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүү боюнча иш жүргүзүүдөн алынуучу КНС боюнча салык милдеттенмесинин 35 пайызы көрсөтүлөт (оң мааниси да, терс мааниси да). Бул уячада төмөнкүлөрдүн маанилеринин ортосундагы айырма түрүндө эсептелгендин 35 пайызы көрсөтүлөт:
- КНС боюнча отчеттун “Жеткирүүлөрдүн реестри” 1-тиркемесинин 10-графасы боюнча үчүнчү сабынын жыйынтыгынын; -КНС боюнча отчеттун “Кыргыз Республикасында сатып алынган материалдык ресурстардын реестри” 2-тиркемесинин 9-графасы боюнча экинчи сабынын жыйынтыгынын;
- КНС боюнча отчеттун “Кыргыз Республикасына ташып келинген материалдык ресурстардын реестри” 3-тиркемесинин 10-графасы боюнча экинчи сабынын жыйынтыгынын.
Эскертүү. Бул уяча айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүүчү салык салынуучу субъект тарабынан толтурулат. 382. 068-уячада салык органы менен түзүлгөн салык контрагынын негизинде КНС төлөгөн салык салынуучу субъекттин КНС боюнча салык милдеттенмесинин суммасы көрсөтүлөт. 383. 069-уячада отчеттук салык мезгили үчүн КНС боюнча салык милдеттенмесинин жалпы суммасы көрсөтүлөт (оң мааниси да, терс мааниси дагы). Эгерде, салык салынуучу субъект:
1) айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүүдөн же салык контрагынан тышкаркы иштин түрлөрүн ишке ашырса, уячада 066-уячанын мааниси көрсөтүлөт;
2) айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүүнү гана ишке ашырса - бул уячада 066 жана 067-уячалардын маанилеринин айырмасы көрсөтүлөт;
3) салык контрагы боюнча гана иш жүргүзсө - бул уячада 066 жана 068-уячалардын маанилеринин айырмасы көрсөтүлөт; 4) иштин түрлөрүн, анын ичинде айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүүнү же салык контрагы боюнча иш жүргүзсө - бул уячанын мааниси 066, 067 жана 068-уячалардын КНС боюнча салык милдеттенмесинин көрсөткүчтөрүнүн айырмасы аркылуу аныкталат.”; төмөнкүдөй мазмундагы 391-пункт менен толукталсын: “391. 003-уячада КНС боюнча отчет берген салык салынуучу субъекттин белгисине тиешелүү төмөнкү цифралык маанилердин бири көрсөтүлөт: 1) эгерде, КНС боюнча отчет салык контрагынын негизинде салык төлөгөн салык салынуучу субъект тарабынан берилсе “1” мааниси көрсөтүлөт; 2) эгерде, КНС боюнча отчет салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык салынуучу субъект тарабынан берилсе “2” мааниси көрсөтүлөт.”;
45-пункттун 4-пунктчасынын таблицасынын “200-299 “Бошотулган жеткирүүлөр” бөлүгүндө:
- экинчи позиция төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “
201 | Айыл чарба продукцияларын жеткирүү |
”; - төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү позиция менен толукталсын: “
223 | Импорттоочу өзү өндүргөн дандан КНСтен бошотулган унду жеткирүү |
”; 48-пункту ““Салык салынуучу жеткирүүлөр”,” деген сөздөрдөн кийин ““анын ичинде айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүү товарларын жеткирүү (102 жеткирүү коду менен)”,” деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы 501-пункт менен толукталсын:
“501. Акыркы барактын “КНСтин суммасы” 10-графасы боюнча “анын ичинде: айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүү товарларын жеткирүү (102 жеткирүү коду менен)” сабынын мааниси КНС боюнча отчеттун 067-уячасынын маанисин аныктоодо колдонулат.”;
63-пунктунда:
- 3-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: “Эскертүү. Өткөн салык мезгилинде курулуш-монтаждык иштерди жүргүзгөн субъект тарабынан алар боюнча КНС төлөнгөн жана отчеттук салык мезгилинде чегерилүүгө тийиш болгон материалдык ресурстар сатып алынган учурда, жеткирүүчүнүн аталышынан кийин “(КМИ-270-5)” деген аббревиатура жана цифралар көрсөтүлөт;”;
- 6-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “6) “жеткирилген дата” 6-графада - төмөнкүлөрдөн тышкары, отчеттук салык мезгилиндеги күндөргө шайкеш келүүгө тийиш болгон жеткирүүнүн датасы:
- өнбөс карыздын пайда болушунан, бул графада ушул карыз боюнча баштапкы жеткирилген дата көрсөтүлгөндө; - шектүү милдеттенменин пайда болушунан, бул графада отчеттук салык мезгилинин күндөрүнө шайкеш келбеген ушул милдеттенме боюнча баштапкы жеткирилген дата көрсөтүлгөндө;
Эскертүү. Өткөн салык мезгилинде курулуш-монтаждык иштерди жүргүзгөн субъект тарабынан алар боюнча КНС төлөнгөн жана отчеттук салык мезгилинде чегерилүүгө тийиш материалдык ресурстар сатып алынган учурда, отчеттук салык мезгилинин күндөрүнө шайкеш келбеши мүмкүн болгон иш жүзүндө жеткирилген дата көрсөтүлөт;”;
төмөнкүдөй мазмундагы 661-пункт менен толукталсын:
“661. Акыркы барактын “Чегерилүүгө тийиш КНСтин суммасы” 9-графасы боюнча “анын ичинде: айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн” сабынын мааниси КНС боюнча отчеттун 067-уячасынын маанисин аныктоодо колдонулат.”;
төмөнкүдөй мазмундагы 791-пункт менен толукталсын:
“791. Акыркы барактын “Чегерилүүгө тийиш КНСтин суммасы” 10-графасы боюнча “1) айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн” сабынын мааниси КНС боюнча отчеттун 067-уячасынын маанисин аныктоодо колдонулат.”. 6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 699 “Отчеттуулук формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген чакан ишкердик субъекттин сатуудан алынуучу салык боюнча отчетунун формасы (FORM STI-129) ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген орто ишкердик субъекттин сатуудан алынуучу салык боюнча отчетунун формасы (FORM STI-130) ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген субъекттин (чакан, орто ишкердик субъекттен тышкары) сатуудан алынуучу салык боюнча отчетунун формасы (FORM STI-131) ушул токтомдун 6-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Сатуудан алынуучу салык боюнча отчетторду (FORM STI-129, FORM STI-130, FORM STI-131) толтуруу жана берүү тартибинде: төмөнкүдөй мазмундагы 211-пункт менен толукталсын:
“211. Отчетто Салык кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык сатуудан алынуучу салык салынуучу объект болуп саналбаган товарларды сатуу, иштерди аткаруу, кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтар көрсөтүлбөйт.”;
24-пунктунда:
- экинчи абзацы “КНС” деген аббревиатурадан мурун “В” бөлүмчөсүндө каралбаган” деген сөздөр менен толукталсын; - төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
“- “В” бөлүмчөсү: Банк иши жана уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуу.”;
25-пунктунда:
- 1, 2, 3-пунктчалар “соода иши” деген сөздөрдөн мурун “накталай формада төлөнгөн” деген сөздөр менен толукталсын;
- 4, 5 жана 6-пунктчалардагы “уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш” деген сөздөр “накталай эмес формада төлөнгөн соода иши” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7, 8 жана 9-пунктчалардагы “жана уюлдук байланыш чөйрөсүндөгүдөн тышкаркы” деген сөздөр “, уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иштен жана банк ишинен тышкаркы накталай формада төлөнгөн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын; - төмөнкүдөй мазмундагы 11-14-пунктчалар менен толукталсын:
“11) 059-уячада - “соода ишинен, уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иштен жана банк ишинен тышкаркы накталай эмес формада төлөнгөн иш боюнча түшкөн акчанын көлөмү;
12) 060-уячада - соода ишинен, уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иштен жана банк ишинен тышкаркы накталай эмес формада төлөнгөн иш боюнча сатуудан алынуучу салыктын ставкасы;
13) 058-уячада - соода ишинен, уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иштен жана банк ишинен тышкаркы накталай эмес формада төлөнгөн иш боюнча сатуудан алынуучу салыктын суммасы, ал 059 х 060 / 100% формуласы боюнча аныкталат;
14) 062-уячада - 052, 055, 058 жана 061-уячалардын маанилеринин чоңдуктарынан түзүлүүчү, “В” бөлүмчөсүндө каралбаган, КНС салынуучу жана КНСтен бошотулган товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчадан сатуудан алынуучу салыктын суммасы.”;
26-пунктунда:
- 1-пунктчада “060” деген цифралар “063” деген цифралар менен алмаштырылсын; “соода иши” деген сөздөрдөн мурун “накталай формада төлөнгөн” деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пунктчада “061” деген цифралар “064” деген цифралар менен алмаштырылсын; “соода иши” деген сөздөрдөн мурун “накталай формада төлөнгөн” деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пунктчада “062” деген цифралар “065” деген цифралар менен алмаштырылсын; “соода иши” деген сөздөрдөн мурун “накталай формада төлөнгөн” деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-6-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын; - 7-9-пунктчалардагы “жана уюлдук байланыш чөйрөсүндөгүдөн тышкаркы” деген сөздөр “, уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иштен жана банк ишинен тышкаркы накталай формада төлөнгөн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пунктчада “062,” деген цифралар алып салынсын;
- 11-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын; - төмөнкүдөй мазмундагы 261-пункт менен толукталсын: “261. “В” бөлүмчөсүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) 070-уячада - уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш боюнча түшкөн акчанын көлөмү; 2) 071-уячада - уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш боюнча сатуудан алынуучу салыктын ставкасы;
3) 072-уячада - уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш боюнча сатуудан алынуучу салыктын суммасы, ал 070 х 071 / 100% формуласы боюнча аныкталат;
4) 073-уячада - банк иши боюнча түшкөн акчанын көлөмү;
5) 074-уячада - банк иши боюнча сатуудан алынуучу салыктын ставкасы; 6) 075-уячада - банк иши боюнча сатуудан алынуучу салыктын суммасы, ал 073 х 074 / 100% формуласы боюнча аныкталат;
7) 076-уячада 072 жана 075-уячалардын маанилеринин чоңдуктарынан түзүлүүчү, банк иши жана уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчадан сатуудан алынуучу салыктын суммасы;
8) 077-уячада 062, 069 жана 076-уячалардын маанилеринин чоңдуктарынан түзүлүүчү сатуудан алынуучу салыктын жалпы суммасы.”;
29-пунктунда“220”, “270” деген цифралар тиешелүү түрдө “227”, “277” деген цифралар менен алмаштырылсын; 30-пунктунда: - биринчи абзацтагы “жана 056” деген байламта жана цифралар “, 056 жана 059” деген цифралар жана байламта менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
“- отчеттун 059-уячасында тиркеменин 159, 209 жана 259-уячаларынын маанилеринин суммасы көрсөтүлөт.”;
31-пунктунда: - 1-пунктчадагы “жана 057” деген байламта жана цифралар “, 057 жана 060” деген цифралар жана байламта менен алмаштырылсын;
- 2-пунктчада: “жана 058” деген байламта жана цифралар “, 058 жана 061” деген цифралар жана байламта менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
“- 061-уячада - тиркеменин 061, 211 жана 261-уячаларынын маанилеринин суммасы;”;
- 3-пунктчада “059” деген цифралар“062” деген цифралар менен алмаштырылсын, “жана 058” деген байламта жана деген цифралар“,058 жана 061” деген цифралар жана байламта менен алмаштырылсын; 32-пунктунда:
- 1-пунктчада: биринчи абзацтагы “060” деген цифралар алып салынсын; экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2-пунктчадагы “061,” деген цифралар алып салынсын;
- 3-пунктчада: биринчи абзацтагы “062,” деген цифралар алып салынсын; экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-пунктчадагы “062,” деген цифралар алып салынсын;
- 5-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы 321-пункту менен толукталсын:
“321. Отчеттун “В” бөлүмчөсүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 1) 070 жана 073-уячаларда - тиркемеде көрсөтүлгөн товарлардан (жумуштардан, кызмат көрсөтүүлөрдөн) түшкөн акчанын жалпы көлөмү:
- 070-уячада - тиркеменин 170, 220 жана 270-уячаларынын маанилеринин суммасы;
- 073-уячада - тиркеменин 173, 223 жана 273-уячаларынын маанилеринин суммасы;
- 073-уячада - тиркеменин 173, 223 жана 273-уячаларынын маанилеринин суммасы.
2) 071 жана 074-уячаларда - сатуудан алынуучу салыктын ставкасы;
3) 072 жана 075-уячаларда - тиркемеде көрсөтүлгөн сатуудан алынуучу салыктын жалпы суммасы;
- 072-уячада - тиркеменин 172, 222 жана 272-уячаларынын маанилеринин суммасы;
- 075-уячада - тиркеменин 175, 225 жана 275-уячаларынын маанилеринин суммасы;
4) 076-уячада - 072 жана 075-уячалардын маанилеринин суммасына барабар болгон сатуудан алынуучу салыктын жыйынтык суммасы;
5) 077-уячада отчеттун 062, 069 жана 076-уячаларынын маанилеринин жалпы суммасы.”; 34-пунктунда:
- 1-пунктча “соода иши” деген сөздөрдөн мурун “накталай формада төлөнгөн” деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пунктчадагы “уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш” деген сөздөр “накталай эмес формада төлөнгөн соода иши” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пунктчадагы “жана уюлдук байланыш чөйрөсүндөгүдөн тышкары” деген сөздөр “, уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иштен жана банк ишинен тышкаркы накталай формада төлөнгөн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 31)-пунктча менен толукталсын:
“31) 159, 209 жана 259-уячаларда - соода ишинен, уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иштен жана банк ишинен тышкаркы накталай эмес формада төлөнгөн иш боюнча түшкөн акчанын көлөмү;”;
- 4-пунктча “соода иши” деген сөздөрдөн мурун “накталай формада төлөнгөн” деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пунктчадагы “уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш” деген сөздөр “накталай эмес формада төлөнгөн соода иши” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пунктчадагы “жана уюлдук байланыш чөйрөсүндөгүдөн тышкаркы” деген сөздөр “, уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иштен жана банк ишинен тышкаркы накталай формада төлөнгөн” деген сөздөр менен алмаштырылсын; - төмөнкүдөй мазмундагы 61)-пунктча менен толукталсын:
“61) 160, 210 жана 260-уячаларда соода ишинен, уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иштен жана банк ишинен тышкаркы накталай эмес формада төлөнгөн иш боюнча сатуудан алуучу салыктын ставкасы;”;
- 7-пунктча “соода иши” деген сөздөрдөн мурун “накталай формада төлөнгөн” деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пунктчадагы “уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш” деген сөздөр “накталай эмес формада төлөнгөн соода иши” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пунктчадагы “жана уюлдук байланыш чөйрөсүндөгүдөн тышкары” деген сөздөр “, уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иштен жана банк ишинен тышкаркы накталай формада төлөнгөн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 91)-пунктча менен толукталсын:
“91) 161, 211 жана 261-уячаларда - соода ишинен, уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иштен жана банк ишинен тышкаркы накталай эмес формада төлөнгөн иш боюнча салыктын суммасы;”;
- 10-пунктчада: биринчи абзацтагы“159, 209 жана 259” деген цифралар жана байламта “162, 212 жана 262” деген цифралар жана байламта менен алмаштырылсын; экинчи абзацтагы “159” деген цифралар “162” деген цифралар менен алмаштырылсын, “жана 158” деген байламта жана цифралар “, 158 жана 161” деген цифралар жана байламта менен алмаштырылсын; үчүнчү абзацтагы “209” деген цифралар “212” деген цифралар менен алмаштырылсын, “жана 208” деген байламта жана цифралар “, 208 жана 211” деген цифралар жана байламта менен алмаштырылсын; төртүнчү абзацтагы “259” деген цифралар “262” деген цифралар менен алмаштырылсын, “жана 258” деген байламта жана цифралар “, 258 жана 261” деген цифралар жана байламта менен алмаштырылсын;
35-пунктунда:
- 1-пунктчадагы “160, 210 жана 260” деген цифралар жана байламта “163, 213 жана 263” деген цифралар жана байламта менен алмаштырылсын, ошондой эле “соода иши” деген сөздөрдөн мурун “накталай формада төлөнгөн” деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын; - 3-пунктчадагы “жана уюлдук байланыш чөйрөсүндөгүдөн тышкаркы” деген сөздөр “, уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иштен жана банк ишинен тышкаркы накталай формада төлөнгөн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктчадагы “161, 211 жана 261” деген цифралар жана байламта “164, 214 жана 264” деген цифралар жана байламта менен алмаштырылсын, “соода иши” деген сөздөрдөн мурун “накталай формада төлөнгөн” деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын; - 6-пунктчадагы “жана уюлдук байланыш чөйрөсүндөгүдөн тышкары” деген сөздөр “, уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иштен жана банк ишинен тышкаркы накталай формада төлөнгөн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пунктчадагы “162, 212 жана 262” деген цифралар жана байламта “165, 215 жана 265” деген цифралар жана байламта менен алмаштырылсын, “соода иши” деген сөздөрдөн мурун “накталай формада төлөнгөн” деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
- 9-пунктчадагы “жана уюлдук байланыш чөйрөсүндөгүдөн тышкары” деген сөздөр “, уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иштен жана банк ишинен тышкаркы накталай формада төлөнгөн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пунктчада: экинчи абзацтагы “162,” деген цифралар алып салынсын; үчүнчү абзацтагы “212,” деген цифралар алып салынсын; төртүнчү абзацтагы “262, 265 жана 269” деген цифралар жана байламта “265 жана 268” деген цифралар жана байламта менен алмаштырылсын;
- 11-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы 351-пункт менен толукталсын: “351. Тиркеменин “В” бөлүмчөсүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) 170, 220 жана 270-уячаларда - уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш боюнча түшкөн акчанын көлөмү;
2) 173, 223, 273-уячаларда - банк иши боюнча түшкөн акчанын көлөмү;
3) 171, 221 жана 271-уячаларда - уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш боюнча сатуудан алынуучу салыктын ставкасы;
4) 174, 224 жана 274 -уячаларда - банк иши боюнча сатуудан алынуучу салыктын ставкасы;
5) 172, 222 жана 272-уячаларда - уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш боюнча салыктын суммасы;
6) 175, 225 жана 275-уячаларда – банк иши боюнча салыктын суммасы;
7) 176, 226 жана 276-уячаларда - тийиштүү уячалардын маанилеринин суммасына барабар болгон сатуудан алынуучу салыктын жыйынтык суммасы: - 176-уячанын мааниси 172 жана 175-уячалардын маанилеринин суммасына барабар;
- 226-уячанын мааниси 222жана 225-уячалардын маанилеринин суммасына барабар;
- 276-уячанын мааниси 272 жана 275-уячалардын маанилеринин суммасына барабар;
8) “Сатуудан алынуучу салыктын жалпы суммасы” сабынын 177, 227 жана 277-уячаларында - сатуудан алынуучу салыктын жалпы суммасы:
- 177-уячада - 162, 169 жана 176-уячалардын маанилеринин суммасы;
- 227-уячада - 212, 219 жана 226-уячалардын маанилеринин суммасы;
- 277-уячада - 262, 269 жана 276-уячалардын маанилеринин суммасы.”.
7. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2016-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирүүчү 2 жана 6-пункттардан тышкары, расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев