Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
«Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-февралындагы № 49 «Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн тартиби:
- төмөнкүдөй мазмундагы 22-пункт менен толукталсын:
«22. Метрология боюнча улуттук органдын аттестациялык комиссиясынын чечимине даттануу «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген административдик (сотко чейинки) тартипте ишке ашырылат. Арыз берүүчү метрология боюнча улуттук органдын аттестациялык комиссиясынын административдик даттануу боюнча чечимине макул болбогон учурда ал сотко кайрылууга укуктуу.».
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-июлундагы №401 «Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн жана укукту кайра алып коюунун тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) ченөө каражаттарын текшерүү максатында юридикалык жактарга ченөө каражаттарына сыноо жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого укук берүүнүн жана укукту кайра алып коюунунтартибинде: -38-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«38. Ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын чечимине даттануу «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген административдик (сотко чейинки) тартипте ишке ашырылат. Арыз берүүчү ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын аттестациялык комиссиясынын административдик даттануу боюнча чечимине макул болбогон учурда ал сотко кайрылууга укуктуу.».
3. Ушул токтом«Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Т.А.Сариев