Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-мартындагы № 127 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V «Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды «Кумтор Оперейтинг Компани» ЖАКнын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө» токтомун ишке ашыруу тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
«Кумтөр» долбоорун кайра түзүмдөштүрүү боюнча ачык-айкындыкты жана конструктивдүү кызматташтыкты камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-мартындагы № 127 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы №2805-V «Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды «Кумтор Оперейтинг Компани» ЖАКнын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө» токтомун ишке ашыруу тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн «Кумтөр» долбоорун андан ары ишке ашыруунун өз ара пайдалуу варианттарын издөө максатында «Кумтөр» долбоору боюнча «Центерра Голд Инк.» компаниясы менен консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча консультативдик кеӊештин курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын. 2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Премьер-министр Т.А.Сариев
Тиркеме
«
«Кумтөр» долбоорун андан ары ишке ашыруунун өз ара пайдалуу варианттарын издөө максатында «Кумтөр» долбоору боюнча «Центерра Голд Инк.» компаниясы менен консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча консультативдик кеӊештин
курамы
Сариев Темир Аргембаевич | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кеӊештин төрагасы; | Карашев Аалы Азимович | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Кеӊештин төрагасынын орун басары; | Панкратов Олег Михайлович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри; | Момуналиев Нурханбек Сакенович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр; | Аттокуров Данияр Бексултанович | - | «КСДП» фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); | Жапаров Акылбек Усенбекович | - | «Бир Бол» фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); | Калмаматов Жыргалбек Айтиевич | - | «Кыргызстан» фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); | Сыдыков Бакыт Усенович | - | «Республика-Ата-Журт» фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); | Узакбаев Абылкайыр Осмонбекович | - | «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); | Шыкмаматов Алмамбет Насырканович | - | «Ата-Мекен» фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); | Абдылдаев Эрлан Бекешович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри; | Касымалиев Адылбек Алешович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министри; | Кожошев Арзыбек Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министри; | Мамбеталиева Жылдыз Жеенбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министри; | Атаджанов Сабир Садыкджанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору; | Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; | Муканбетов Санжар Турдукожоевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы; | Кадыркулов Алмазбек Апандиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун директору; | Артыкбаев Расул Саткынович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары. |
___________________________________________________________»