КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 6 апрелиндеги № 176 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 320 “Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана интеграциялык бирикмелерге 2015-жылга  үлүштүк төгүмдөрдү төлөө жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана интеграциялык бирикмелерге мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөрдү төлөө менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 320 “Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана интеграциялык бирикмелерге 2015-жылга үлүштүк төгүмдөрдү төлөө жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - жогоруда аталган токтом менен бекитилген тизмек ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын. 

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.    

 Премьер-министр                                                               Т.А.Сариев                                             

Тиркемелер

Басып чыгаруу