Чек ара режиминин жана чек ара тилкесиндеги режимдин эрежелерин бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын чек арага жакын аймактарындагы чек ара режиминин жана чек аралык тилке режиминин эрежелери, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын чек арага жакын аймактарынын жана чек ара тилкесинин тизмеги жана чектери, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдер каралган мыйзам долбоорун бекитилген тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 15-майындагы № 362 “Кыргыз Республикасынын чек ара зонасында жана чек ара тилкесинде чек аралык режимди орнотуу жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 12-августундагы № 606 “Кыргыз Республикасынын чек ара зонасында жана чек ара тилкесинде чек аралык режимди белгилөө тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 15-майындагы № 362 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-октябрындагы № 777 “Кыргыз Республикасынын чек ара зонасында жана чек ара тилкесинде чек аралык режимди белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 15-майындагы № 362 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы № 553 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 10-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы № 40 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 10-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 700 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө” токтомунун 8-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-январындагы № 22 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 306 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 7-пункту.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн. 5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев