КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 1 апрелиндеги № 171 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 100 «Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Жөнгө салуучу органдардын, электр менен жабдуучу, жылуулук менен жабдуучу уюмдардын жана жер тилкелердин жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттеринин укук ээлеринин өз ара аракеттенүүсүнүн адилеттүү принциптеринин жана эрежелеринин негизинде керектөөчүлөргө электр жана жылуулук тармактарын ачык жана экономикалык жактан натыйжалуу пайдалануусун камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, «Энергетика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын  10-февралындагы № 100 «Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесинде: - төмөнкүдөй мазмундагы 31-пунктча менен толукталсын:

 «31. Ушул Эреже борборлоштурулган жылуулук жабдуу системаларынын электр жана жылуулук энергиясын иштеп чыгаруу булактарынан тышкары, электр жана жылуулук менен жабдуучу уюмдардын тармактарына объекттерди технологиялык кошууга төлөмдү аныктоо тартибин белгилейт.»; 

- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу – жыйырма төртүнчү абзацтар менен толукталсын: «технологиялык кошулууга төлөмдүн базалык өлчөмү» - иштеп жаткан электр тармактык жана жылуулук тармактык комплекстерди өнүктүрүү үчүн кошулуучу кубаттуулуктардын бирдигине чыгымдардын өлчөмүн мүнөздөгөн орточо өлчөнгөн чоңдук; «базалык мезгил» - жөнгө салуу мезгилинен мурдагы мезгил; «электр жана жылуулук жабдуучу уюмдардын тармактарына кошулуучу тапшырыкчы (объекттин укуктук ээси)» - электр жана жылуулук жабдуучу уюмдардын тармактарына объектти технологиялык кошууга өтүнмө берген бардык арыз берүүчүлөр; «жөнгө салуучу мезгил» - электр жана жылуулук жабдуучу уюмдардын тармактарына технологиялык кошулуу үчүн төлөмдүн базалык өлчөмү белгиленген жана бекитилген мезгил (жыл);

 «электр жана жылуулук менен жабдуучу уюмдардын тармактарына технологиялык кошулууга төлөм» - кошулган түйүндө керектүү кубаттуулукту камсыз кылуу үчүн инженердик-техникалык жана уюштуруу иш-чаралардын комплексине чыгымдар; «тармактарга кошулууга төлөм» - кошуу түйүнүндөгү тармакка түздөн түз орнотуу боюнча иштерди аткаруунун чыгымдары; 

- төмөнкүдөй мазмундагы 9- 93-пункттар менен толукталсын: 

«91. Электр жана жылуулук менен жабдуучу уюмдардын тармактарына объектти технологиялык кошууга төлөмдүн базалык өлчөмү жөнгө салуунун биринчи мезгилине карата бекитүү жана аны жөнгө салуунун кийинки мезгилдерине түзөтүү отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат. 

92. Объектти технологиялык кошууга алынган төлөм максаттуу мүнөзгө ээ, электр жана жылуулук менен жабдуучу уюмдардын атайын эсебинде топтолуу менен өзүнчө эсепке алынат. 

93. Электр жана жылуулук менен жабдуучу уюмдардын тармактарына объектти технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмүн эсептөө базалык мезгилде тармактардын техникалык мүнөздөмөлөрүн жакшыртууга багытталган чыгымдардын негизинде жүргүзүлөт.»; 

- 10-пунктта: биринчи абзацта: биринчи сүйлөмдө («технологиялык кошулуу») деген сөздөр алып салынсын; экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөрдөгү «кошууга» жана «кошуу» деген сөздөр «технологиялык кошууга» жана «технологиялык кошуу» деген сөздөр менен алмаштырылсын; экинчи абзацтагы «кошуу» деген сөз «технологиялык кошуу» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- 30-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын; - төмөнкүдөй мазмундагы Vжана -V2 бөлүмдөр менен толукталсын:

«V1-бөлүм. Электр менен жабдуучу уюмдардын тармактарына объектти технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмүн аныктоо тартиби

301. Технологиялык кошулууга төлөмдүн өлчөмү Тапшырыкчыга техникалык шарттар берилген учурда көрсөтүлөт. 

302. Электр менен жабдуучу уюмдар отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга технологиялык кошууга төлөмдүн базалык өлчөмүн эсептөө жана бекитүү үчүн керектүү материалдарды жана негиздемелерди жыл сайын берет. 

303. 0,4 кВ жана 10(6) кВ чыңалуу деңгээлиндеги электр тармактарына технологиялык кошулууга төлөмдүн өлчөмү электр менен жабдуучу уюмдар тарабынан ар бир Тапшырыкчы үчүн өзүнчө технологиялык кошууга төлөмдүн базалык өлчөмүнүн негизинде эсептелет жана белгиленет. 

304. Электр тармактарына технологиялык кошулууга төлөмдүн базалык өлчөмү ар бир электр менен жабдуучу уюмга өзүнчө жалпыга маалымат каражаттарына жайгаштыруу менен бекитилет. 

305.Технологиялык кошуунун кубаттуулук бирдигине төлөмдүн базалык өлчөмү 0,4 кВ жана 10(6) кВ чыңалуунун деңгээлинде технологиялык кошуунун наркы боюнча базалык мезгилдин иш жүзүндөгү маалыматтарынын негизинде эсептелет. 

306. Технологиялык кошуунун кубаттуулук бирдигине төлөмдүн базалык өлчөмү төмөнкү формула боюнча эсептелет:

Т = С 10(6) + С0,4  (сом/кВт),

мында:

C10(6) – 10(6) кВ (сом/кВт)чыңалуу деңгээлинде кубаттуулук бирдигин технологиялык кошуунун наркынын өлчөмү, ал өз кезегинде төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

C10(6) = S-кубаттуулуктарды реконструкциялоого чыгымдардын суммасы (сом) / Q10(6) - кубаттуулук (кВт); С0,4 – 0,4 кВ, (сом/кВт) чыңалуу деңгээлинде кубаттуулук бирдигин технологиялык кошуунун наркынын өлчөмү, ал өз кезегинде төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

C0,4 = S – кубаттуулуктарды реконструкциялоого чыгымдардын суммасы (сом) / Q0,4-кубаттуулук (кВт). 

307. Технологиялык кошуунун кубаттуулук бирдигине төлөмдүн базалык өлчөмү кошуунун түрүнө жана чыңалуунун деңгээлине жараша тиешелүү коэффициенттер боюнча түзөтүлөт. Технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмү чыңалуу классы жана электр берүү чубалгыларынын түрү боюнча (аба аркылуу же кабелдик линиялар) дифференциацияланат. Коэффициенттер отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан электр менен жабдуучу чыгымдар жөнүндө берилген маалыматтардын негизинде эсептелет жана бекитилет. 

308. Электр менен жабдуучу уюмдардын 5 кВт чейин кубаттуулуктагы тармактарына технологиялык кошулуу үчүн калктан төлөм алынбайт. Эгер кошулуучу объекттин кубаттуулугу 5 кВт көп болсо, анда төлөм биринчи кВт баштап бардык кубаттуулук үчүн алынат. 

309. Тапшырыкчы техникалык шарттарды алган учурда технологиялык кошулууга төлөмдүн суммасынан 60 пайыз өлчөмүндө технологиялык кошулуу үчүн аванс төлөйт. Технологиялык кошулууга төлөмдүн суммасынын калган бөлүгүн Тапшырыкчы электр тармактарга иш жүзүндө кошулганга чейин төлөйт. 

3010. Чыңалуу деңгээли 35 кВ жана анда жогору электр тармактарына кубаттуулуктун бирдигин технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмү отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан электр менен жабдуучу уюмдардын базалык мезгилдеги (мурунку жылдын факты) чыгымдарынын көлөмү, аталган тармактарды реконструкциялоо боюнча иштердин жана иш-чаралардын жыйындысы жөнүндө маалыматтардын негизинде бекитилет. 

3011. 35 кВ жана анда жогору электр тармактарына технологиялык кошулууга төлөмдүн өлчөмү аталган тармактарга кубаттуулук бирдигин технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмүнүн негизинде эсептелет. 

3012. Чыңалуу деңгээли 35 кВ жана анда жогору электр тармактарына технологиялык кошууга (Т) төлөмдүн өлчөмү төмөнкү формула боюнча эсептелет:

Т = (Ч / Р) х КЗ

мында:

Ч - базалык мезгилде электр тармактарды реконструкциялоого чыгымдардын суммасы; Р - реконструкциялоодон кийин толук кубаттуулук;

 КЗ - Тапшырыкчыга берилген техникалык шарттарга ылайык кошулган кубаттуулук. Технологиялык кошулуунун чыңалуусун эсептөө деңгээли катары жогорку чыңалуу деңгээли алынат.

«V2-бөлүм. Жылуулук менен жабдуучу уюмдардын тармактарына объекттерди технологиялык кошууга төлөмдү аныктоо тартиби

3013. Жылуулук менен жабдуучу уюмдар реконструкциялоого чыгымдарсыз Тапшырыкчыны өзүнүн тармактарына кошууда жаңы же реконструкциялануучу объекттердин технологиялык кошулуусун камсыз кылуу үчүн жылуулук менен жабдуучу уюм жылуулук тармактарынын айрым бөлүктөрүн өнүктүрүүгө жана реконструкциялоого алынган каражаттарды жумшайт. 

3014. Технологиялык кошулууга төлөмдүн өлчөмү жогорулаган коэффициентти эсепке алуу менен түзүлөт. Эгер кошулуп жаткан объекттин билдирилген жылуулук жүгүнүн чоңдугу бир Гкал/сааттан көп болсо, жогорулаган коэффициент колдонулат. 

3015. Технологиялык кошулууга төлөмдүн өлчөмү жылуулук менен жабдуучу уюм тарабынан техникалык шарттар берилген учурда бир жолу белгиленет. Жылуулук менен жабдуучу уюмдар жыл сайын отун-энергитикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга технологиялык кошулуу үчүн төлөмдүн базалык өлчөмүн эсептөө жана бекитүү үчүн зарыл болгон материалдарды жана негиздемелерди берет. 

3016. Жылуулук менен жабдуу тармактарына 1 Гкал кубаттуулукту технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмү (ЭТ) төмөнкү формула боюнча эсептелет:

ЭТ = Тбаз х P бирд.

мында:

Тбаз - жылуулук менен жабдуу тармактарына объектти технологиялык кошууга төлөмдүн базалык өлчөмү, млн. сом/Гкал/саат; Рбирд.- объекттин долбоордук документтеринин негизинде кошулуп жаткан Тапшырыкчынын тапшырыгы менен ырасталган технологиялык кошуунун жалпыланган кубаттуулугу. 

3017. Жылуулук менен жабдуу тармактарына технологиялык кошулууга экономикалык негизделген төлөмдү эсептөө үчүн негизги баштапкы көрсөткүч болуп жөнгө салуунун базалык мезгилинде жылуулук менен жабдуучу уюмдардын тармактарынын техникалык мүнөздөмөлөрүн жакшыртуу үчүн реконструкциялоого чыгымдардын иш жүзүндөгү суммасы эсептелет. 

3018. Технологиялык кошууга төлөмдүн базалык өлчөмү (Тбаз) төмөнкү формула боюнча эсептелет:

Тбаз = ∑Сч / Кс х К (млн.сом/Гкал/саат)

мында:

∑Сч – базалык мезгилде (жөнгө салуу мезгилинен (жылынан) мурунку беш жылдык мезгил) жылуулук тармактарын реконструкциялоодо чыгымдардын суммасы. Кс – базалык мезгилде (жөнгө салуу мезгилинен (жылынан) мурунку беш жылдык мезгил) кошулган жүктөмдөрдүн суммасы. К – жөнгө салуу мезгилине чейинки жылдагы иш жүзүндөгү жылдык инфляциянын көрсөткүчү. 

3019. Жылуулук менен жабдуу тармактарына технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмү жылуулук менен жабдуучу уюм тарабынан базалык өлчөмдүн негизинде ар бир Тапшырыкчы үчүн өзүнчө эсептелет.

 3020. Бишкек шаары үчүн технологиялык кошулууга төлөмдүн базалык өлчөмү бардык жылуулук менен жабдуучу уюмдар үчүн бирдиктүү көрсөткүч менен белгиленет. Кыргыз Республикасынын региондорунда иштеген жылуулук менен жабдуучу уюмдар үчүн технологиялык кошулууга төлөмдүн базалык өлчөмү жылуулук менен жабдуучу тармактарга технологиялык кошулган жердин аймактык белгилери боюнча кыймылсыз мүлктүн наркына жараша эсептелген коэффициенттерди эсепке алуу менен түзөтүлөт. Коэффициенттерди эсептөөдө кыймылсыз мүлктү каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ай сайын жарыяланган кыймылсыз мүлктүн бир чарчы метринин орточо арифметикалык баалары негиз катары алынат. Коэффициенттер технологиялык кошулуу жөнүндө келишим түзүлгөн учурда эсептелет. 

3021. Биринчи жөнгө салуучу мезгилге технологиялык кошулууга төлөмдүн базалык өлчөмү алгач базалык мезгилдин көрсөткүчтөрүнүн негизинде эсептелет. Кийинки жөнгө салуучу мезгилдерге (жылдарга) отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жылдык инфляциянын деңгээлине карата алгач эсептелген технологиялык кошуунун төлөмүнүн базалык өлчөмүнө индексация жүргүзөт. Технологиялык кошулууга төлөмдүн базалык өлчөмү төлөмдүн алгач эсептелген базалык өлчөм белгиленген учурдан тартып үч жылдан эрте эмес кайра эсептелет. 

3022. Тапшырыкчы технологиялык кошулууга төлөмдүн суммасынан технологиялык кошуу үчүн 60 пайыз өлчөмдө аванс түрүндө алдын ала төлөйт. Технологиялык кошулууга төлөмдүн суммасынын калган бөлүгүн Тапшырыкчы тарабынан жылуулук менен жабдуучу уюмдун тармактарына ал иш жүзүндө кошулганга чейин төлөнөт. 

3023. Эгер тармактарга кошулуучу Тапшырыкчы 1 Гкал/сааттан көп кубаттуулукка ээ болсо, анда төлөмдүн өлчөмүн аныктоодо жогору коэффициенттер колдонулат. Мында төлөмдүн өлчөмү төмөнкү формула боюнча эсептелет:

Т = ЭТ х К,

мында:

ЭТ - технологиялык кошулуу үчүн эсептелген төлөм  (млн.сом/Гкал/саат); 

К – кошулуучу кубаттуулуктун чоңдугуна жараша белгиленген жогору коэффициент:

- К 1 Гкал/саатка чейин                                              = 1,0;

 - К 1ден жогору 1,5 Гкал/саатты кошуп                   = 1,3; 

- К 1,5тен жогору 2 Гкал/ саатты кошуп                   = 1,5; 

- К 2ден жогору 2,5 Гкал/ саатты кошуп                   = 1,7; 

- К 2,5тен жогору 3,0 Гкал/ саатты кошуп      = 2,0; 

- К 3төн жогору 3,5 Гкал/ саатты кошуп                   = 2,2; 

- К 3,3 Гкал/ сааттан жогору                                     = 2,5. 3024

Эгер эркин кубаттуулук же жылуулук тармагы болбогон жерде жылуулук менен жабдуу тармактарына технологиялык кошулган учурда, технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмү жылуулук менен жабдуу уюмдары тарабынан объекттин долбоордук документтеринин негизинде белгиленет.». 

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                     Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу