КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 77 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 114 “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Жер фондун инвентаризациялоо, менчигинин түрүнө карабастан жерлердин жайгашуусу, аянттары, чектери жана саны, жерлердин категориялары жөнүндө маалыматты камтыган, жерлер тууралуу маалыматтарды тактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20, 106 жана 109-беренелерине  ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын  3-мартындагы № 114 “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-      2-пунктунун экинчи абзацындагы “2018” деген цифралар “2019” деген цифралар менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин  күчүнө кирет. 

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу