Аксы окуяларынын күнүн жана 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революция күнүн - жыл сайын белгиленүүчү эскерүү күндөрү деп жарыялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 68 “Аксы окуяларынын, Март жана Апрель элдик революцияларынын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр жыл сайын белгиленүүчү эскерүү күндөрү деп жарыялансын:
17-март - Аксы окуяларынын күнү;
24-март - 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революция күнү.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев