КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 22 мартындагы № 140 токтому

Гродно шаарында 2015-жылдын 8-сентябрында кол коюлган Интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо боюнча иштерди координациялоо жөнүндө келишимди бекитүү тууралуу

   Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Гродно шаарында 2015-жылдын 8-сентябрында кол коюлган Интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо боюнча иштерди координациялоо жөнүндө келишим бекитилсин.

 2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул  Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына кабарласын. 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы Келишимдин алкагындагы иш-чараларды тиешелүү жылга республикалык бюджетте бекитилген каражаттардын чегинде ишке ашырышсын. 

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

  Премьер-министр                                                            Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу