Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-мартындагы № 100 “Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча айыл аймагынын, Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагынын жана Фрунзе механикалаштырылган токой чарбасынын аймагында жайгашкан жер участокторун которуу жана Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясына мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын касса борборун куруу үчүн жер тандоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-мартындагы № 100 “Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча айыл аймагынын, Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагынын жана Фрунзе механикалаштырылган токой чарбасынын аймагында жайгашкан жер участокторун которуу жана Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясына мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участоктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясына мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 31- 33- пункттар менен толукталсын:
“31. Ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн жерден жер участоктору төмөнкүлөргө мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин: Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясына – 36,98 га аянт; Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкына – 2,58 га аянт.
32. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясына ушул токтомдун 31-пунктунда көрсөтүлгөн аймактын бардыгын кайтаруу сунушталсын
. 33. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токтой чарбасы мамлекеттик агенттиги, 2013-жылдын 26-июнундагы № 104 “2009-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну жана 2009-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган “Манас” эл аралык аэропортундагы транзиттик ташуулар борбору тууралуу жана аны менен байланышкан кандайдыр бир объекттер жана кыймылсыз мүлктүн түрлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну денонсациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жоюлган, мурдагы транзиттик ташуулар борборунун ижарадагы жерлеринин корулган бөлүктөрүндө жайгашкан Фрунзе механикалаштырылган токой чарбасынын жерлерин мөөнөтсүз жана мөөнөттүү пайдаланууга бербесин.”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Т.А.Сариев